www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан "Каирма" суу каналына бетон полотно төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Каналдын жалпы узундугу 10123 метрди түзүп, анын 2500 метрине бетон полотносу төшөлүүдө. Ал 13610 квадрат метрди түзөт. Мерчемделген иштер Жайыл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерине мамлекеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 35386,0 миң сом бөлүнгөн.
Бетон полотно төшөө иштери аяктаса, 2154 гектар жер аянтына сугат суусун берүү жакшыртылат.
Аталган канал 1966-жылы ишке берилген. Анын сыйымдуулугун буга чейин секундасына 3 куб болсо, оңдоо иштери аяктаганда суунун өтүмдүүлүгү жакшыртылат.