www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди. Сапардын алкагында иш-чаралар Токтогул районунан башталды.
Министр жеринде министрликтин карамагындагы «Итагар» кар көчкү станциясындагы абал менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берди.
Мындан тышкары, министр Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №97 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратында болуп, Иманалиев айыл аймагында курулуп жаткан №60 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты менен таанышты. Ошондой эле Кара-Көл шаарында жайгашкан №105 жана №94 өрт-куткаруу бөлүктөрүнө барды.
Сапардын жүрүшүндө министр куткаруучулар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгып, өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын көйгөйлөрүн укту.
«Куткаруучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү - учурдун негизги талаптарынын бири. Биз ар дайым калктын коопсуздугу үчүн кызмат кылышыбыз керек», - деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.
Иш сапар уланууда: министр облус аймагындагы башка бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, кооптуу аймактарга чыгуу иш-чараларын улантат.