www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шариповичке!
Төөлөс айыл өкмөтүнүн тургуну Нурматова Гуласалдан.
Мен, 1962-жыл 25-августта туулгам. Жолдошум Нурматов Абдижамбил Толонович Төөлөс айылынын башкы эсепчиси 41 жыл иштеп эл алдында Төөлөстүн ишенген түркүгү болгон. Элим деп бала чакасынан мурда ишин койгон жолдошум баласы теңдүү Маматова Акмөөр Төлөновнанын азабынан, кордугунан, көрсөткөн эл арасындагы уят иштеринен намысына чыдабай, ур-токмогунан кийин өз жанын кыйды. Мен бул Маматова Акмөөрдү көп жолу келип үйүмө тополоң ызы-чуу салса да мейличи көзү азиз экен, кудайдын алдында жазасын алган экен, теңелбей эле кудайга салып калдым эле жолдошумду кысууга алып, ишканасы айыл өкмөттө урганы, кыз-келиндериндиналдында шерменде кылам деп шымын чечип башына кийдирем, интернетке таратам деп кыскандан өзүнүн жанын кыйып кете берген. Маматова Акмөөр жолдошума 300 миң сом 20 % берген экен. Процент акчасын убагында берип турганбыз токсон миң сомдон.
Проценти өсүп бир миллион үч жүз жыйырма миң сомго өскөн. Биз бул Маматова Акмөөрдү изилдеп көрсөк ишенген жактоочусу Таштанова Наргул экен. Жолдошу Ботоев Мамыт аттуу Кызыл-Кыя шаарынын 70 пайыз жерин ээлик кылган жана сот иштерин калкаалап бергени жана мамлекетке эч кандай салык төлөбой, ушундай карапайым бизге окшогондорду тоноп, уйун тартып алып, каалагандай адамдарды уруп-тоноп, милиция, прокуратураны сатып алып, мыйзамды акчасына сатып алып, сотторду сатып алып Маматова Акмөөрдүн «көзум азиз, биринчи группа майыпмын, мага закон жок, жолдошум Ботоев Мамыт акчасы көп» деп, эч бир мыйзамга мойун сунбайт экен.
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Жолдошум Маматова Акмөөрдүн колунан запкы көрүп, ур токмогун жеп, элдин арасынан токмок же өз жанын кыйып кете берди. Жолдошум беш баласы менен он небереси менен төрүбүздүн көркү болуп, балдарынын убайын көрө турган кезде Маматова Акмөөрдүн ур токмогунан, кордугунан пайгамбар жашына жеткен кезде өз жанын кыйып кете берди.
Нурматов Абдижамбил убагында жакшы иштеп өткөн президенттерибиздин мыкты иштерине Грамота алган жана өзүңүз Ош областында губернатор болуп турган кезинизде мыкты эсепчи деп Грамота тапшыргандарыңыз эстеликке кала берди.
Мына ушундай Маматова Акмөөрдүн процентке бергени боюнча Баткен облусунда бир да прокуратура же милиция чара көрбөй, тескерисинче акчасына ооздору булганганбы чара көрүлбөйт экен. Финполиция каякты карап отурат, мейли башка органды сатып алыптыр Баткенде.
Маматова Акмөөргө чара көрүп менин жолдошумдун күтүүсүз өлүмүнө себепчи болгон Маматова Акмөөр балдарымды жетим калтырганы аз келгенсип, эми проценти өсүп кетип талашып жатат. Бул аялдардан чыккан мындай мыкаачы рекетке чара көрүлөбү?
Маматованын үстүнөн чара көрүп, мыйзам чегинде жазага тартып, жолдошумдун өлүмүнө себепчилигин далилдеп жаза колдонууңузду суранам.
Сизге терең ишеним менен кайрылган Нурматова Гуласал
Төөлөс айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын Алтымыш Сатыбалдыев көчөсү 51-үй. Байланыш: 0773767480
Булак: NazarNews.kg