www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбековга С.Ш.

Чүй областынын Москва районундагы Беловодск айылынын К/Джакыпов көчөсүнүн 12/2 тургуну Кульжанов Анарбек Сатаркуловичден         

Урматуу Сооронбай Шарипович!

Акыркы төрт жыл аралыгында мен бир нече жолу ар кандай мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Жогорку Кеңешке, Башкы Прокуратурага, Мамлекеттик кадр кызматына, Социалдык өнүгүү министрлигине Чүй облусунун Москва районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Спивакова Г.А. бир нече укук бузууларын алдын алуу боюнча чара көрүүгө, балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жашоо шарты оор кырдаалда болгон балдарды бөтөн үй-бүлөгө берүүсү, бош кызмат вакантык орундарын мыйзамсыз бузулушу, эмгек мыйзамдарын бузуу (мыйзамсыз бошотуу) сот актыларынын аткарылбагандыгы, мыйзамсыз бошотуунун натыйжасында мамлекеттик мүлкө зыян келтирүүсү боюнча кайрылгам.

2013-жылдын феврал айында Москва районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын  башчысы  болуп Спивакова Галина Анатольевна дайындалган, буга чейн Москва районундагы Билим берүү бөлмөсүнүн башкы адиси кызматында иштеген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат мыйзамынын 17 беренесине көрсөтүлгөндөй социалдык чөйрөдө эч кандай тажрыйбасы жок, мамлекеттик тилде сүйлөй албагандыгын айтып, 2013-жылдын 7 феврал айында социалдык өнүгүү башкармалыгынын эмгек жамааты Социалдык өнүгүү Министрлигине жана Мамлекеттик кадр кызматынын дарегине бул кызматка Спивакова Г.А.дайындалгандыгы туралуу ачык кат менен кайрылганбыз. Башкаруу кызматкерлери менен бирдикте мен дагы катка кол койгом. Ошол убакыттан бери Спивакова Г.А. мени ачык кысымга жана куугунтукка ала баштады.

Спивакова Г.А. тарабынын мага болгон кысымы жана куугунтугу 2013-жылдын сентябр айында мыйзамсыз балдарды биологиялык үй-бүлөсүнөн ажыратып, чоочун үй-бүлөгө берилгендиги белгилүү болгон кийн күчөдү. 2013-жылдын август айында социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8-бала Гельфенбайн Марина, Болкунова Ольга, Чебакова Ольга жана Курова Анастасия үй-бүлөлөрүнөн мыйзамсыз ажыратылып, мыйзамсыз чоочун үй-бүлөлөргө жана балдар үйүнө өткөрүлгөндүгү мага белгилүү болду. Бул далилдер «Вечерний Бишкек» газетасында, «Акипресс» жана «24 kg» сайтарында көп жолу билдирилген. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Спивакова Г.А. балдарды биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтарууга эмес ар кандай чараларды көргөн. Качан гана «Лига балдардын укугун коргоо коомдук фонду», «Антикоррупциялык коомдук салым» АКОС коомдук бирикмесинин бир канча жигердүү кийлигишүүсүнөн кийин, мыйзамсыз алынган балдар өз үй-бүлөлөрүнө кайтарылып берилди.

Андан кийин 2013-жылдын октябр айында Спивакова Г.А. мени мыйзамсыз түрдө жумуштан бошотуу. Соттун үч чечимдердин негизинде 2014-жылдын октябр айында мен кайрадан ишке кабыл алынып жана аргасыз ишке чыкпагандыгын үчүн 92317 сом компенсация (ордун толтуруу) төлөнүп берилген. Ушундай мыйзамсыз иш аракеттеринин негизинде сотко төлөнгөн 100 миң сом мамлекеттик алымдар мамлекетти зыянга учураткан. Социалдык өнүгүү Министрлигинин дарегине кайрылуундан кийин гана 2016-жылы мамалекеттик бюджеттин жол-жобосуну негизинде көрсөтүлгөн акча каралып башталган, бирок толук эмес көлөмдө 92317 сом эмгек акы төлөнгөн. Эмне үчүн Социалдык өнүгүү Министрлиги  сотко төлөнгөн негизсиз мамлекеттик алымдар Спиваковадан кайтарылып алынган эмес?

Спивакова Г.А. өзүнүн жазаланбастыгын жана жогорку кызматтагы чиновниктердин колдоосун сезип, үч айдан кийин 2015-жылдын январ айында кайрадан мени негизисиз кызматтан бошотту. Биринчи учурдагыдай эле кайрадан кызматтан бошотума ошол эле социалдык өнүктүрүү башкармасынын адистери чогулуш өткөрүп, кайрадан акт түзүшүп жана буга чейн сотто күбө болгон адамдар катышышкан.

Мен кайрадан соттко доомат менен кайрылууга аргасыз болдум. 2015-жылдын январ айынан баштап соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. 2017-жылдын 8-сентябрында Москва райондук соттун чечими (сот Аджибеков Н.Н) менин даттануу талаптарымды канааттандыралык эмес бойдон калтырган. Ошондо кызматтан четтетүү учурунда бошотуу тартибин жана бошотуу жол-жобосун одоно бузгандыгы тууралуу тыянак чыгарган, бардык жеткиликтүү материалдар иш жөнүндө күбөлөндүрүп турат, ошондой эле анын айтканына караганда Москва районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2015-жылдын 22 январдагы №3-л буйругунда, Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» 31 беренесинин 1 бөлүгүнүн б-1 пунктунда 3 абзацы жана Кыргыз Республиканын Эмгек кодексиндеги 83 беренесиндеги 2 бөлүгүн 6 абзацдагы бузуулар биринчи баскычтагы соттун алдындагы соттун тастыкталбагандыгы көрсөтүлгөн.

Ушул жагдайларга карабастан сот Аджибеков Н.Н. көрсөтүлгөн чечимди чыгарган. Мен, Чүй облустук сотко апеляциялык даттануу менен кайрылгам, мындай учурда карап чыгуунун дагы бир жолу мыйзам бузуу менен башталган. Соттук коллегияда соттордун курамы: Айтбаева И, Кадырова Г. жана Чекирова А. бул ишти карап чыгуусу керек эле. Бирок, сот Айтбаевага И. ишенбегендигиме байланыштуу мен каршы чыктым. Каршы чыгуу кабыл алынган жок. Кийинчирээк сот кызматкерлеринин айтымына караганда (фамилиясын ачыкка чыгарбайм, күбөлөрүм бар) Чүй облустук сотунун соттору бул ишти кароого катышуудан баш тартышкандыгы белгилуу болду. Бул ырастоого Чүй областык сотунун сотторун жогорку кызмат органдары же чиновниктери басым кылып тургандыгы далил боло алат, бул ишти менин пайдама эместигине уруксат берүүсүн талап кылышкан. 2018-жылдын 5-февралында сот коллегиясында соттор курамы: Сейталиев, Койлубаев, Курманбаев тарабынан иш карала баштаган. Бирок, 2018-жылдын 9 февралында соттун курамы сотторду Сейталиев, Кадырова, Чекировага алмаштырган, алар буга чейн ишти алып берүүдөн баш тартышкан. Ошондуктан мен бул иштин объективдүү каралашына күмөн санадым. Менин коркунучум тастыкталды. 2018-жылдын 29-мартында Чүй областык соттук коллегиясынын соттор курамы: Кадырова Г, Чекирова А, Сейталиев Б. мыйзамсыз аныктама беришкен, менин доомат талаптарым канааттандырылбай калтырылган. Бул берилген аныктама мыйзамсыз жасалган деп ойлойм, анткени учурда иш бир жактуу каралды, далилдерди эске аланган жок, иштин материалы толук изилденген эмес. Соттун  коллегия менин күбөлөрдү суроо суранычымды жана тиешелүү документтерди талап кылгындыгымды негизсиз четке каккан.

Азыркы учурда бул иш Жогорку сотто каралып турат.

Мен көп жолу мамлекеттик органдарга, анын ичинде Президент Атамбаевга жана Башкы Прокурор Джолдубаевага И. кайрылгам. Бирок, тилекке каршы менин кайрылоолорум каралбай келген.

Урматуу Сооронбай Шарипович!

Сиз Президент болуп келгенден баштап коррупцияга каршы анык күрөш башталды. Мен дагы кыргыз элим менен чогу Сиздин коррупцияга каршы иштерди жана сот жаны реформасын колдойм.

Ошондуктан, Сизден суранам:

  1. Спивакованын Г.А. Москва районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына дайындоо мыйзамдуулугун карап чыгуу.
  2. Спивакованын Г.А. Москва районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы кызмат орундарына жасаган ишине юридикалык баа берүү үчүн Башкы Прокуратурага кайрылуу материалдарын жөнөтүү.
  3. Объективдүү жана мыйзамдардын негизинде каралып чыгуу чечимин Жогорку сотко кайрылуу жөнөтүү.
  4. Төтмөндө айтылган сотторго Айтбаева И, Кадырова Г, Чекирова А, Сейталиев Б. процессуалдык нормаларды бузуу боюнча Соттук Кеңешине материалдарын жөнөтүү.

Сизди урматтап   Анарбек Кульжанов                                                                

тел. 0550117618

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

                                              

                                                                    

                                         

 

Последние новости