www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз абдан жакшы билесиз. Кылымдарды карыткан «Кыргыз Көчү» уланууда. Өтө катаал шартта ошол ыйык, касиеттүү «Көчтүн» жолун улоо озуйпасы, эки чылбыр, бир тизгини мындан алты ай мурун Сиздин колуңузга тийди. Орчундуу окуяларга жык толгон кыргыз журтчулугунун отуз жылга жакындаган эстен кеткис эгемен тарыхы эл-журтуна эбегейсиз чоң сыноолорду, тар жол, тайгак кечүүлөрдү тартуулады. Андай алешем, оош-кыйыш сыноолорду азыр да тынымсыз башыбыздан кечирип жатабыз, аны да жакшы билесиз, урматтуу Сооронбай Шарипович! Кеменгер элибиз маал-маалы менен багына туш болгон журт башчыларынан эңсеп күткөнү — бир гана адилеттүүлүк, акыйкаттуулук, кара кылды как жарган калыс башкаруу. Болгону ошол, андан башканы талап кылбай деле калышкан. Ачык айталы, аша чапкандык болбосун. Анткен менен аз эле мурун шайланып келген Сизге эл-журттун болгон ишеничи, үмүт-тилеги саат сайын салмактуу жагына ооп, күн санап өсүп, Сиз жасап жаткан калыс кадамдарыңызга карапайым калктын ичи жылып, ити чөп жей баштаганынан кабар берип жатканын жалганга чыгарыш, бери дегенде адамкерчиликке жатпаган, акылга сыйбаган иш. Жакшыны жакшы дешибиз керек. «Жакшы башчы элин ойлойт, жаман башчы «жемин» ойлойт» дейт. Жакшы башчы болуп бериңиз!

Сиздин эң керектүү жана орчундуу кадамдарыңыз элдин көзүн умачтай эле ачты. Жеке эле бизде эмес эзелтеден бүтүндөй дүйнө элинин баш оорусуна айланган жемкорлукка каршы белсенип, «жеп-ичкич жемкорлорго каршы күрөштү күчөтүү керек» деген алгачкы чечкиндүү кадамыңыз ушундай жылуу сөзгө мукурап, суусап турган элиңизге майдай гана жакты, кол чапты, анан ошол олуттуу жарлыгыңыз жумурай-журттун жапырт колдоосуна татыды. Эми элиңиз ошол айткан айбаттуу убадаларыңыздан алгылыктуу жыйынтык күтүп жатканын эсиңизге сала кетсек ашыкча болбос. Албетте, тамыры терең жайылып, ташка чейин өсүп, ичине сиңип кеткен мындай уу тикендин түп-тамырын бир күндө жулуп, кыя чаап жок кылыш өтө кыйын, ал жалгыз Сиздин колуңуздан келбеси анык. Анүчүн Сиз, Сизге ишенген Элиңиздин, жалпы коомчулуктун, жумурай журттун колдоосуна муктажсыз! Ансыз кайдан? Жакшысы, Элиңиз колдоого даяр! Андан да жакшысы, эң башкысы, баарынан маанилүүсү ушул, Сиздин алдыга койгон олуттуу ой-максатыңыз, стратегиялык багытыңыз, саясий эркиңиз ошондой олуттуу күрөшкө даяр деген элиңиздин ишеними зор! Элдин ишеними Сиз үчүн өтө чоң күч!

Дал ушундай уусу кан тамырга чейин сиңип, айыкпас ооруга айланып кеткен коркунучтуу дарт менен отуз жылдан бери тынымсыз күрөшүп, керт башын канжыгага байлап салып, бычактын мизи менен басып, жаштыгын, бүтүндөй өзүнүн өмүрүн арнаган элинин майтарылбас, чынчыл жана чыгаан уулу, катары менен алты жолку чакырылыштын легендарлуу депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана мурунку депутат, элчи Дүйшөнкул Чотонов бир жыл эки айдан бери эч бир далилсиз, карандай жалган жалаа менен кылмышкер аталышып абакта отурушат. Сиз муну да абдан жакшы билесиз жана толук маалыматыңыз бар, урматтуу Сооронбай Шарипович! Эң кейиштүүсү, Элинин ушундай чынчыл жана чыгаан уулдарын капкайдагы башка бир чет элдин жалаң жаман иштерге байланышы бар, шектүү кылмыштарга тиешелүү делинген, чыр-чатактан башы чыкпай жүргөн булганыч тарыхы менен таанымал адамдын чындыкка түк жакындабаган, эч бир эпизоду коошпогон, чылгый жалган, карандай калп көрсөтмөсүнүн негизинде калыстыктан таптакыр тайган адилетсиз, өз кесибин сыйлабаган, урмат-сыйдан ажыраган соттордун түшүнүксүз, түркөй чечими менен соттолгону учурда бүтүндөй коомчулукту дүрбөлөң түшүрүп, тынчыздандырууда. Бул бойунча жакында эле Европадагы бирден-бир абройлуу уйум аталып жүргөн Венеция комиссиясы (Укук аркылуу Демократияга карай Европа комиссиясы) дагы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна гана тынчсызданбастан, анын абакка камалышы тикелей саясий жана буйрутма мүнөздөгү иш деген таасын жана так аныктама бергенин уккандырсыз. Ушундан улам кыргыз коомчулугу, акыйкаттуулукту туу туткан активдүү жарандары, коомдук жана маданий ишмерлер, депутаттар, анан албетте кадимки эле карапайым жарандар тез арада Өмүрбек Текебаевдин соттук тергөө иштерин тыкыр изилдөөгө алып, кайра баштан карап чыгып, мыйзамдын чегинде ак-карасын аныктап, ылгап, анын тез арада боштондукка чыгуусуна өбөлгө, шарт-мүмкүнчүлүк түзүп беришиңизди суранып, ушул ачык катыбыз аркылуу Сизге кайрылып, жеке өзүңүздүн наамыңызга жолдоп жатабыз.

Жалпы элибизге тиешелүү бакыйган Баш мыйзамыбыз бар. Андагы жазылган талаптарды кынтыксыз аткаруу ажодон баштап ар бир атуул-жарандарыбыздын айныгыс жана тикелей милдети болуш керек. Ошонун ичиндеги бийликтин эң орчундуу бир бутагын ээлеген Сот бийлигине, сотторго болгон элдин ишеними да сөзсүз жогору жана бийик болуусу зарыл. Айта кетели, айрыкча акыркы эки жылдагы ары чуулуу, ары кылым сотуна айланып, элдин кыжырына тийген соттордун одоно, ары орой териштирүүлөрү жалпы элдин сотторго болгон ишеничин таптакыр жоготуп тынды. Демек, сотторго болгон ишенимди кайра кайтарып, аны калыбына келтирүү дал ушул саясий себептер менен жабыркап, жазыксыз соттолуп жаткан жарандарыбыздын соттук иштерин кайрадан адилет карап, алардын актыгын далилдеп чыгуусуна түздөн-түз тиешеси бар, тыгыз байланыштуу жана дал ошого көп жагынан көз каранды деп түшүнөбүз!

Кыргыз Республикасынын жарандары, 21-апрель, 2018-жыл.

Последние новости