www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда түшкү саат 12ге чейин жалпы 50 632 адам добуш берди. Алардын 7124ү Баткен району, 2378и Баткен шаары, 19 454ү Кадамжай району, 5905 киши Кызыл-Кыя шаарынан, 13 856 адам Лейлек району менен 1915 киши Сүлүктү шаарынан добуш беришти. Баткенде жалпы 284 265 шайлоочу бар. Түшкө чейин 17,8%и добуш бергени билинди.
Талас облусунда 12ге чейин 28 539 киши добуш берди. Алардын эң көбү - 9 миңдейи Кара-Буура районуна туура келет. Жалпы шайлоочулардын саны - 149 миң. Жалпы облус аймагында 149 058 шайлоочу, 117 шайлоо тилкеси бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын 7 миңден ашыгы Талас шаарынын он участогунда каттоого турган. Күндүн биринчи жарымында Талас шаардык добушканаларда узун кезек пайда болду.
Ысык-Көлдө тушкө чейин 47 083 киши добуш берип, жалпы шайлоочулардын 16,5%ын түздү. Бул облуста 290 749 шайлоочу бар. №2 форма менен 13 951 киши добуш берүү үчүн арыз жазган.
Нарын облусунда жалпы шайлоочулардын 10%ы добуш берди. Бул аймакта мыйзам бузуу каттала элек. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189114.
Жалал-Абад облусунда 12ге чейин шайлоочулардын 20-25%и добуш берди. Аймакта 448 шайлоо тилкеси бар. Жалпы шайлоочулардын саны - 643 774. Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, көзөмөлдөө үчүн миңден ашуун милиция кызматкери тартылган. 3533 шайлоочу көчмө үкөк менен добуш берүүгө арыз калтырган.
Белгилей кетсек, Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.
Ал эми Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg