www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы ичимдиктер аялды аракечтикке жетелейт?

Аялды акырындап аракечтикке тарткан ичимдиктер - сыра менен шарап. Бул тууралуу россиялык нарколог жана психиатр Игорь Лазаревге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бул экөөндө тең спирттин өлчөмү азыраак болгондуктан, аял киши зыянсыз деп иче берип, кантип ансыз жашай албай калганын өзү сезбей калат.

Албетте кез-кезде, олуттуу себеп болгондо 1-2 бокал шарап ичип коюунун эч коркунучу жок. Бирок мындай «көңүл ачуулардын» аралыгы канчалык жакындаган сайын ошончолук көйгөй жарала баштайт.

Бирок дээрлик бардык адамдар дарыгерге оорунун экинчи стадиясында, тагыраагы, токтоно албай жумалап, айлап ичип, колу-буту калтырап калганда кайрылат.

«Аракечтиги өтүшүп кеткен адамды, өзгөчө аял кишини толугу менен дарылоо дээрлик мүмкүн эмес. Айрым адамдар 10, керек болсо 20 жыл ичпей жүрүшү мүмкүн. Бирок бир баштап алса, баягы эле таз кейпине түшөт», — деди дарыгер.

Ошондой эле адис кыз-келиндерди аракечтиктен дарылоо алда канча татаал экенин кошумчалады. Анткени, коомчулук тарабынан аялдын ичиши оор кабыл алынгандыктан, тааныштардын сын көз карашы, кемсинтүүсү бир топ тоскоолдук жаратат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости