www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байдендин администрациясынын Кытай саясаты АКШнын экономикасын алсыратып, Бээжинге артыкчылык берет, деп билдирди АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Флорида штатындагы Орландо шаарында өткөн консервативдик саясий күчтөрдүн жылдык конференциясында сүйлөп жатып.

Ал белгилегендей, Канададан АКШга Кейстон XL мунай түтүгүнүн курулушу токтоп, он миң жумуш орду талкаланган. Дипломат бийлик жумуштан алынган кызматкерлерди күн батареяларын чыгарган ишканаларда жумушка орноштуруу боюнча берген убадасын аткараарына күмөн санады.

«Сиз Кытайдан арзан күн батареялары Америкага болуп көрбөгөндөй куюп кетет деп ишенсеңиз болот. Бул АКШга эч кандай жакшылык алып келбейт», - деп анын сөзүн келтирди Politico.

Помпео ошондой эле, Байдендин АКШнын Париждеги климаттык келишимге катышуусун жаңыртуу чечимин сынга алды. Анын айтымында, Пекин бул кадамга «өтө кубанып жатат», анткени, Америка экономикасы жаңы милдеттенмелерден улам жоготууларга учурайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости