www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда.
Митингде бейөкмөт уюмдардын, «Азаттык» радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер айтылып жатат.
Ал эми Райым Матраимовду колдоо үчүн келген Марапат Сарбашова да өзүнүн пикрин билдирип, анын кыргыз эли үчүн кылган жакшылыктарын унутуп, мындай жаман жолго барбоо керектигин айтты.
«Азыркы заманда акты ак караны кара деп айтканды үйрөнөлүчү. Райым агабыздын кыргыз элине тийгизген пайдасы аябай чоң. Ал Ош шаарындагы канчалаган жолдорду оңдоду. Ошол эле пандемияда калкка көрсөткөн жардамын айта кетпесек болбойт. Пандемия учурунда эч ким Райым Матраимовдой жардам берген жок элге. Анын ушундай эмгегин, жакшылыгын билип туруп кантип ушундай жолго бардыңыздар урматтуу Президент Садыр Жапаров?! Ушул күнгө чейин кимдир бирөө өлкө үчүн 2 млрд төктүбү? Эч ким!
Эмне үчүн элдин пикири эске алынбайт. Мына бүгүн канчалаган адамдар Райым Матраимовду колдоо үчүн жыйналды. Акыйкат деген болуш керек. Райым Матраимовду боштондукка чыгаруу керек», - деген пикирин билдирди.
Булак: NazarNews.kg