www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир мамлекеттер оңдобой эле Конституция менен кылымдап жашап келе жатат. Кээ бир депутаттар майдай жаккан Текебаевдин Конституциясы менен ажырашкысы келбей жаткандай. Парламенттик республиканы түзүү демилгеси депутаттарга майдай жаккандай. Бирок «сырты жалтырак, ичи калтырак» дегендей, сырты парламенттик болгону менен, ичи президенттик Конституция болгону айгине. Ал эмес, мамлекет жыргап жаткансып депутаттардын санын да 120га көтөрүп жиберген. Жаңы Конституцияда жок дегенде депутаттардын саны азайганы турат. Актар биринчи жүрүшүп, 2010-жылы Башмыйзам кабыл алынган. Каралар 2020-жылы бул Башмыйзамды редакциялоону чечишти...
Актар
Король
Өмүрбек Текебаев «Ата-Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты.
2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн соң Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек Чиркешович башында турган Конституциялык комиссия түзүлүп, мурунку Конституциянын ордуна азыркы учурда иштеп жаткан 120 депутаттуу парламенттик мамлекет түзүлөт. Эске сала кетсек мурунку Конституция менен 90, андан мурункуда 70 гана депутат, андан тышкары буга чейин президенттик башкаруу болгон. 2007-жылга чейин ар бир округдан мажоритардык түрдө депутаттар шайланып келишкен..
Ферзь
Данияр Нарынбаев
Президенттик аппараттын экс-башчысы
2010-жылдагы Конституцияны жазууга Данияр Нарынбаевдин эмгеги зор. Конституцияны мыйзамдуу оңдоо 2020 – жылдын 1-сентябрынан башталмак. Мындай он жылдык чек Убактылуу Өкмөт тарабынан атайын каралган, бирок бул чекке карабай 2016-жылы 16-декабрда президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Конституцияны мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз оңдоо боюнча референдум өткөн. Өмүрбек Текебаев каршы чыгып, ошонун кесепетинен камалып келди.
Ладья-1
Рыскелди Момбеков
ЖК депутаты, СДПК фракциясы
Жаңы бийликке аталык болгусу келген Рыскелди мырза. Нүзүп аталык Шералыны хан кылып өтүгүн ак сарайга илдирип коёт эмеспи. Акыры Шералихан Нүзүптүн башын жутат. Биздин замандын Нүзүп аталыгы Рыскем өз кишисин коё албай калган соң, башынан Башмыйзамга каршы туруп келди. Атамбаевдин убагында сүрдүү кыйкырчу, Жээнбековдун убагында күүлүү кыйкырып калган, эми дагы үнү чыга баштады.
Ладья-2
Элвира Сурабалдиева
ЖК депутаты, СДПК фракциясы
Атамбаевдин командасынан атырылып Текебаевге жеткен «Ладья» эл үчүн араба тарткан ат болом деп жүрүп, кимдир бирөөгө эшек болуп берди. Болгондо да минип алды. Эл кыдырса деле минип алып барат, «сортирге» барса да сороктоп минип алып көлүк эшекке айланды. Бул эшектин оттобогон жери калган жок. Жаңы бийликке чейин оттоп келди. Мамлекеттин даамдуу жайытынын бардыгын оттоп чыкты. Талаада калганда, Текебаевге барып койкоңдоюн деп жулунду эле, анын сөөмөйү үнүн биротоло өчүрдү. Эми да оттоюн десе, эки тизгин, бир чылбырдын учу Текебаевде болуп атпайбы.
Ат-1
Мирлан Жээнчороев
«Республика» партиясынын лидери, ЖК депутаты
Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешмеси иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт. Анын оюу боюнча вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке тең тайлашкан адам. Конституцияда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болуп калыптыр. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Бул структура Султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган.
Ат-2
Жеңиш Молдокматов
Саясаттын акесин тааныткан Жеңиш мырза, муштуму менен «Замандаш» партиясын далай эле коргоду. Октябрь башаламандыгында бир Атамбаевге, бир Текебаевге чуркап дал болуп калды, «Замандаш» партиясы болсо унутулду.
Офицер-1
Жанар Акаев
ЖК депутаты, СДПК фракциясы
Жанар Акаевдин атын укканда шайтан да тешикке кире качат экен. Шайтан билбегенди билген Жанар Акаев убагында Атамбаевдин чачпагын кармай калып катуу жыдыган. «Эстүү жигит» эмеспи «этекке чаптырбай» билип, октябрь башаламандыгынын башына келген. Конституцияга каршы чыгып Төрөбаев менен төпөштөшкөнгө чейин барды.
Офицер-2
Кожобек Рысбаев
ЖК депутаты, СДПК фракциясы
Атамбаевди кайрадан президент кылып, чокойун токойго илип койгусу келген. Чокоюнун азабын кийин тартып, чокуга бирди жеп, чокудан сыйгаланып түштү. Атамбаев камакта жатса да, «Бөрү карыса бир койлук алы бар» деп ал жактан сүйрөп чыгып мамлекет башчысына айланта койгусу келгендин ана башы.
Каралар
Король
Садыр Жапаров
Президент
Азыркы жаңы Конституцияга шык берип тургандардын бири. Бирок, бул Конституциянын башында Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев турат.
Ферзь
Сүйүн Касмамбетов
Президенттик аппараттын жетекчиси, азыркы бийликтин «серый кардиналы»
Сүйүн Касмамбетов парламенттик Конституцияны жактап, өнүп-өскөн. Анын жүрөгү парламенттик Конституция деп соккону менен, оозунун президенттик Конституция деп сайрабашка айласы жок. «Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет» дегендей, муну колдобосо «кызыл кекиртегине» эч нерсе жүрбөй калбайбы.
Ладья-1
Талант Мамытов
Спикер
Талант Мамытовдун Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыгында "долбоордун концепциясын толуктап иштеп чыксын" деген пункту бар экенин, ал эми өзгөртүү тууралуу жазылбаган. Ошондой эле ал эки палаталуу парламент түзүү сунушу көтөрүлүп, бирок кеңешме чечүүчү күч болбогондон кийин аны кабыл алынган жок.
Ладья-2
Курманкул Зулушев
Башкы прокурор
Жаңы Конституцияны колдоору бышык. Ал Конституциянын жаңы редакциясында жакшы нормалар бар экенин баса белгиледи.
Ат-1
Бакыт Төрөбаев
ЖК депутаты
Конституцияны жактоодо Жанар Акаев менен талашып-тартышып чукчуңдашып кетти.
Ат-2
Бекбосун Бөрүбашев
Конституциялык Кеңешменин төрагасы
Бекбосун Бөрүбашев 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айткан. Алгач 80 депутат бул долбоорду алып чыккан, бирок коомчулук жактырбай аябай ызы-чуу болгон. Ошондо кайра жазып чыгалы деп Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Бирок Бекбосун Бөрүбашев "депутаттар берген концепциядан чыга алган жокпуз" дегени бар.
Офицер-1
Мирлан Бакиров
ЖК депутаты
Президенттик башкарууну кубаттап колдогондордун бири Мирлан Бакиров.
Офицер-2
Феликс Кулов
Экс-премьер
«Күн тийген жердин күкүгү» Куловко айла жок. Конституцияны колдоо алдында долбоорлорун папкесчине салып президенттин кабыл алуусунда болду. Коңуздай коңулда жаткан Кулов чээнден чыгыптыр. Ага кимдин Конституциясы экени бары бир, эптеп президент башынан сыласа болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg