www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Жыйында депутат Сайдулла Нышанов айыл өкмөт башчыларынын кызматтык унааларын жаңыртууну сунуштады.
"Жалпы 453 айыл өкмөт бар. Айыл өкмөт башчыларынын кызматтык унаалары мурунку Президент Бакиевдин убагында берилген, андан бери 13-14 жыл болду. "Нива" үлгүсүндөгү унаалардын 90 пайызынын эскилиги жетти. Аларды оңдоп, тетиктерин алмаштырганда эле жергиликтүү бюджеттен 70 миң сомдон баштап каражат коротушууда. Биздин премьер-министр Орусия менен сүйлөшсүн, жаңы чыккан "Ниваларды" жеңилдетүү жолу менен сатып алууга болот. Азыркы унаалар күйүүчү майды аз ичет, баалары да арзан. Өз баасы 8 миң доллар болсо, сүйлөшүү жолу менен 5-6 миң долларга түшүрсө болот", - деди депутат.
Анын айтымында, 453 айыл өкмөт жана 40 акимчиликке жалпы 500дөй унаа алына турган болсо, 3 млн. доллар керектелет. Эл өкүлү мындай сумманы жер казган компаниялардан алса боло турганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg