www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Сайдулла Нышанов Бишкек—Ош жолундагы «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө жайында айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуу токтобой жатканын билдирип, өкмөт өкүлүнөн аталган маселени премьер-министрге жеткирүүнү өтүндү.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт 20-март — бак отургузуу күнүнө даярданышы керек экенин айтты.

Ошондой эле депутат Карамат Орозова коронавирус илдетине каршы күрөшкөн дарыгерлердин көпчүлүгү кошумча төлөмдөрүн ала албай жатканына токтолду.

Андан сырткары депутат Бактыбек Турусбеков Бишкек шаарында айдоочулар үчүн эч кандай шарт түзүлбөгөнүн билдирди.

«Эгер шаардын кирешесин көбөйтөбүз десек, биринчиден, бардык шарты жана коопсуздугу камсыздалган унаа токтотуучу жайларды ачуубуз керек. Анткени шаарда унаа токтотуучу жайларда ылайыктуу шарт жок», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости