www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсыл мамлекеттик органды эң начар иштейт деп ойлойсуз?

Мамлекеттик органдардын кимиси жакшы, кимиси начар иштейт. Бул тууралуу статистика боюнча улуттук комитет элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимин көрсөткөн маалыматты жарыялады. Бул 2019-жылдын II жарым жылдыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишин баалаган сурамжылоонун жыйынтыгын негизинде аныкталган. Индекс +100дөн –100 баллга чейин белгиленди.

Эң начар деген баа алган беш мекеме:

  • Бажы боюнча мамлекеттик кызмат — 8,7 балл;
  • Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция — 13,6 балл;
  • Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат — 15,4 балл;
  • Мамлекеттик мүлк фонду — 18,5 балл;
  • Ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция — 18,6 балл.

Антирейтингде биринчи жарым жылдыкта Мамлекеттик бажы кызматы лидер болуп, экинчи орунга Мамлекеттик мүлк фонду татыган. Мындан сырткары, Финансы полициясынын техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы менен Экономика министрлиги кирген.

Мыкты деген беш мекеме:

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,8 балл;
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик — 42 балл;
  • Байланыш жана маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитет — 41,8 балл;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этника аралык иштер боюнча мамлекеттик агенттик — 40,4 балл;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — 37,9 балл.

Эске салсак, мыкты мекеме боюнча былтыр да Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи орунга чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости