www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-сентябрда парламентте акыйкатчы тандоо жараянында “Кайсыл президенттин учурунда мыйзам бузуулар көп болду»?- деген суроону ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев акыйкатчылыкка талапкерлерге берди.
- Мындай учурлар көп болду. Тиги президенттин учурунда көп мыйзам бузуу болду деп айта албайм анткени баары эле бирдей болду. Мисалга алсам алгачкы мыйзам бузуу Феликс Куловдон башталган, деди акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытов.
- Баардык укуктарды айта турган болсом көп сөз болуп кетет. Мен өзүмө тиешелүүлөрдү эле мисалга алсам. Акаевдин учурунда өзүм ЖОЖдордун биринде мугалим элем. Акаевдин убагында биздин шайлоого эркин баруу укугубуз аябай тебеленген, биз добушубузду эркин бере алган эмеспиз. Бакиевдин убагында “конститутцияны” каалагандай өзгөртүү да адамдардын укугун тепселөө деп билем.Отунбаеванын учуру бат өтүп кеткендиктен эч нерсе байкабай калдык. Атамбаевдин учурунда сөз эркиндигине басым жасалып укуктар көп бузулду,- деп билдирди Рита Карасартова.
Канат Азизбек берилген суроого төмөнкүдөй жооп берди. -Укук бузуулар болгон. Кеткен президенттер кетти. Бирок, азыр баарын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөр чоң.
Эске сала кетсек, Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовду бийликтеги КСДП фракциясы көрсөткөн. Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg