www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Болот Темировдун кесипкөй журналист экенинде шегим бар», - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Кайып Шер.
- Болот Темиров кармалгандан бери түрдүү пикирлер айтылууда ал чындап эле кимдир бирөөлөрдүн тапшырмаларын аткарып жатабы же тескерисинче чындыкты төө бастыга калтырбаган кесипкөй журналистпи?
- Болот Темировдун кесипкөй журналист экенинде шегим бар. Тескерисинче, чылгый жеке өз кызыкчылыгын ойлоп кыргызда өчү бардай өлкө ичинде чатак чыгаргандан кайра тартпасын эл баамдап калды.
Ушундай адашкан жарандардын кесепетинен сактасын деп эл жакасын кармоодо. Тигине алдемедей акын балабызды амалкөй батышчыл Болот Темиров жолдон чыгарып салды деп эл жерге түкүрүүдө.
Ошондон улам Орусия менен Америка болуп чатакташып атканда биздин сактанганыбыз туура го деп ойлоп жатам. Ошон үчүн Батышчыл НПОлордун ишмердүүлүгүн токтотуп, батыштан каржыланып жаткан маалымат каражаттарды «Азаттыкты» баш кылып, калгандарын төш кылып жабыш керек. Азыр алдын албасак анан кеч болуп калат.
Батыштын каражатын алып, Кыргызстанда бузукулук кылгандын өзү оор кылмыш. Ошон үчүн буларга каршы катаал мыйзам керек.
Булак: NazarNews.kg