www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мандаттуу Ала-Бука, Чаткал округунан депутаттыкка шайланган Азизбек Турсунбаев коллегаларынын ичинен колдоого алынып, эл үчүн кызмат кылууга кадам таштады. Аныгында...
Отунэнергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине төрага болуп шайланды. Республика боюнча ушул жаатынан чыр-чатактар чыкканы, лицензия алып алган байлардын кутурганы, мамлекет тарабынан дыкат көзөмөл жүргүзүлбөгөнү, айтор, толгон-токой кемчиликтер менен элдин нааразычылыгын жаратып келишкен.
Бул жагынан баары мафияга айланышып, өзүмбилемдикке ык коюшканы жашыруун эмес. Дал ушундай кырдаалда аталган комитеттин төрагалыгына Азизбек Атакозуевич келип аткан соң, тартип, мыйзамдуулук орноп, элибиздин кызыкчылыгы корголору алдыртан байкала баштады.
Депутат мырза Жогорку Кеңештен туура багытын көрсөтүп берсе, андан аркысын күч органдары тескесе, Кыргызстанда жер байлыктарына ырааттуу түрдө саясат жүрө баштайт эле.
Буга чейин ар бир бийликке жагалданган олигархтар, маслократтар кен казыналары боюнча миллиондорду айландырышып, мамлекетти кыйгап өтүшүп, коррупциялык иштерди жүргүзүп келишкен. Дал ушул жагы ачыкталса, эл байлыгына ээ болсо не? Биз да көзөмөл кылмакчыбыз...
Булак: NazarNews.kg