www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Чүйдүн башчысы жер басып алгандарга кайрылды

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев кыргызстандыктарга кайрылып, мыйзамсыз жер басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Анын айтымында, 2021-жылдын аягында мурда басып алынган жерлерди каттоо, техникалык паспорт жана кызыл китеп берүү башталган.

"Андан бери миңдеген жарандар үйлөрүн мыйзамдуу түрдө документтештирди. Маселе 2022-жылы чечилип бүтөрү пландалууда. Бирок өз алдынча басып алуу, кайра сатуу, ошондой эле айдоо жерлерге турак жай салып алуу менен алектенгендер жоопко тартыларын унутпашы керек. Буга чейин президент Садыр Жапаров айткандай, укук бузгандарга тиешелүү чаралар колдонулат. Жер басып алгандар дароо камалат", — деп эскертти Тентишев.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров элдин көйгөйүн чечүү үчүн 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости