www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Негизи акындардын ичинен жүрөгү ак, чындыкты беттеген, сөөгү таза жигит ушул Асылбек Муратов", - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.
- Сонунбү эже, республикалык "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси Асылбек Маратов "Урматтуу өнөр сүйгөн кыргыз эли: Бүтүндөй кыргыз өнөрүнө анын ичинен бүтүндөй төкмө акындарга көө жапкысы келип, Болот Назаровду азгырып, бузуп курал катары пайдаланып батыштын акчасына маарыган, өздөрүн "НПО" атаган чет элден каржыланган сырткы күчтөргө убалыбыз жетсин" деп жазды го. Акындар да күйгөнүнөн айтып баштадыбы?
- Негизи акындардын ичинен жүрөгү ак, чындыкты беттеген, сөөгү таза жигит ушул Асылбек Муратов. Бирок жанындагы "достору" өпкөдөн ары бир коюп доошуңду чыгарба десе унчукпай отуруп калат. Ичи дарты ичинде. Демек, Болот Назаров азгырылган. Биздин кыргыз наркын карманып, төкмөлүк өнөрүн туу тутуп жүргөн инсандардын сатылышы Батышка табылгыс чоң байлык да. Бул көрүнүш чындыгында өкүнүчтүү.
Булак: NazarNews.kg