www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биримдик менен гана көзгө көрүнбөгөн душмандарды жеңебиз, алты миллион эл – бир жүрөктөй болушубуз керек", - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине экономист Нурлан Токобаев.

- Нурлан, акыркы эки жылда Кыргызстандын башына түрдүү сыноолор келди. - COVID-19, Баткен окуясы, азык-түлүккө болгон баанын эбегейсиз көтөрүлүшү, электр энергиясынын тартыштыгы. Абалдан кантип чыгышыбыз керек?

- Туура акыркы эки жыл Кыргызстан үчүн сыноолордун жылы болду. Күтүлбөгөн окуяларга бай болду. Ошон үчүн азыртадан азык-түлүк, энергетика, медициналык жана аскердик коопсуздуктарын камсыздап, алдын-алып, мамлекетибиздин эртеңи үчүн чоң коркунучтарды жаратып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө доо келтире турган жагдайларды болтурбоого болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек.   

Антпесек экономикабыз өргө жылбай, карызга белчебизден батып, сырттан келген гумжардамдардын көзүн карап калабыз. Кытай, асыресе Орусия менен АКШ экономикалык, социалдык, саясый жактан чоң таасирин тийгизип, мурдубуздан чүлүктөп алгандай.

Билинбегени менен бул үч "дөөнүн" ортосунда тымызын күрөш жүрүп, алакандай болгон мамлекетибизди көз каранды кылып алууга бардык күчүн жумшоодо.

Андыктан азыр өлкөбүздө болуп жаткан бөлүнүүчүлүктүн, бири-бирибизди чукулап, жеке жашоолорубузду аңдып, өч ала турчу учур эмес! Кыргыз элиме тынчтыктын баркын билип, күч биримдикте болуу керектигин эскертким келет!

Анткени, ушундай оор күндөрдө биримдик менен гана көзгө көрүнбөгөн душмандарды жана көйгөйлөрдү жеңе алабыз. Алты миллион эл – бир жүрөктөй болушубуз керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости