www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Американын негизги максаты Орусияны талкалоо», - деди бүгүн, 13-январда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Кайып Шер.
- Казакстандагы жаңжалды ким тутантты? Айрымдар муну Америка жасады деген божомолун айтып жатышат го?
- Казакстандагы митингдин аягын кан төгүүгө чейин Америка жеткирди. Тагыраагы, муну Американын кылганы болду десек болот. Американын негизги максаты Орусияны талкалоо.
Алды Казакстандагы кан төгүү аркылуу бүтүндөй Орто Азияны согуш полигонуна айлантуу болгон. Америка максатына жетиш үчүн Орто Азиядагы салафисттерди, НПОлорду, Батыш өлкөлөрүнө качып жүргөн оппозицияны, Казакстандагы криминалдык топторду, бийликтен ажыраган кландардын тарапташтарын жана анти-Орусиячыл топту, газды шылтоо кылган болуп түркиячыл топторду кошуп, бардык топторду бийликке каршы көкүттү.
Мындан сырткары, өздөрүнүн көзөмөлүндөгү Орто Азиядагы диний экстремисттерди дагы аралаштыргансыды. Эгерде өз убагында Орусия башында турган ЖККУнун аскерлери кирбегенде, Орто Азияда граждандык согуш чыгып кетмек.
10-январда болчу АКШ Орус сүйлөшүүнүн алдында Орусиянын таасириндеги орто Азияны канга болоп Орусияны коркутуп шанташдап койгусу келген. Бу сапар АКШ тумшукка жегендей болду.
Булак: NazarNews.kg