www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Казакстандагы окуялардын фонунда Өзбекстанда төңкөрүш жасоо аракети болушу мүмкүн деген сөздөргө катышкан жок. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Бул Минск менен Ташкенттин ортосундагы сүйлөшүүнүн темасы болушу ыктымал. Биз ал сүйлөшүүлөргө катышкан жокпуз", - деди Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

10-январда Беларус президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн саммитинде сүйлөп, "Казакстандагы окуялардан биринчи кезекте Ташкент сабак алышы керектигин" белгилеп, эми "тышкы күчтөр" Өзбекстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга умтулушу мүмкүн экенин айткан.

Ал "Казакстан сценарийи" буга чейин Югославияда, Иракта, Ливияда, Сирияда, Украинада, Ооганстанда жана Беларуста ишке ашырылганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости