www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда эпидемиологиялык абалдын оорлошуна байланыштуу Нур-Султан жана Алматы шаарларында окуучулар менен студенттер дистанттык окутуу форматына өтүүдө.

Бул тууралуу Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Тилекке каршы, санитардык дарыгерлер студенттерди дистанттык окууга өткөрүү чечимине келишти. Белгилей кетсек, дүйнөдө мектептерди биринчи ачып, акыркылардын болуп жабуу салтка айланган. Ошондуктан, биз толук кандуу сапаттуу билим берүүнү маанилүү деп эсептейбиз», - деди Билим берүү жана илим министрлигин басма сөз катчысы Молдир Абдуалиева.
Ал ошондой эле "билим берүүнүн форматын өзгөртүү боюнча чечимдер ар тараптуу талдоолордун негизинде жана балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да бардык тобокелдиктерди жана кесепеттерди эске алуу менен кабыл алынышы керек" деп белгиледи.
Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы мектеп окуучулары “омикрон штаммынан” улам 31-январга чейин онлайн окууга өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости