www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин комитет жетекчилери шайланды. Тизме

Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, парламенттин 8 комитети түзүлдү. Депутаттар түштөн кийин 3 вице-спикерди шайлап, андан кийин комитеттердин жетекчилери шайланды.

Алар:

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине — Жанар Акаев;

- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясат комитетине — Азиз Турсунбаев;

- Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке — Медер Алиев;

- Каржы, экономика, фискалдык саясат комитетине — Данияр Төлөнов;

- Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетке — Динара Ашимова;

- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине — Сүйүнбек Өмүрзаков;

- Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине — Бакыт Сыдыков;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине — Аманкан Кенжебаев жетекчи болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости