www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш комитет төрагаларын кайра шайламай болду. Себеп?

Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттердин төрагаларын кайра шайламай болду. Буга парламенттин жыйынына катышпаган эки депутаттын ишеним кат аркылуу добуш бергени себеп болду.

Биринчи добуш берүүдө Жогорку Кеңештин сегиз комитетинин жети комитетинин төрагалары шайланган.

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына сунушталган эки талапкердин бири дагы 46 добуш албагандыгына байланыштуу көпчүлүк добуш алган талапкер Жанар Акаевди кайра шайлоо өтмөк.

Аталган комитетке "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди көрсөтүп 45 добуш алган, элдик топ көрсөткөн талапкер Тазабек Икрамовду 38 депутат колдогон.

12-январдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин түзүмү бекитилип, үч вице-спикери шайланган.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости