www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртеңден баштап Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтык орнотуучу аскерлери Казакстандан чыгарылып баштайт. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарындагы ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлеринин Казакстанда, анын ичинде Алматыда болушу абалды турукташтырууда чоң мааниге ээ болду. Террорчу жана бандиттердин агрессиясына жооп кайтарууда да психологиялык жактан жардам берди. Миссия ийгиликтүү аткарылды деп бааланууда», - деди президент.

Казакстанга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн: Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Россиянын аскерлери киргизилген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости