www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы С.Жээнбеков өзүнүн кемтиги үчүн эл көзүнө кайсы министирди чапкысы келет? Абалы кырк урулуу кыргыз элинде "Бүлүнгөндөн-бүлдүргү алба"-деген накыл сөздү премьерибиз Соронбай Жээнбеков кулагы чалбаган го? Жаратылыш апаатынан көптөгөн жарандарыбыз өлүп жатса, өзүнүн башындагы чөптү көрбөй күндөп-түндөп иштеп келаткан ӨКМнын министири Кубатбек Боороновго гине койгонсуйт. Аны кетирип непада президенттик шайлоого барып калсам премьерлик кызматтан кеткичекти ӨКМны оппозициялык кыйкырчаактардын бирине берип шайлоодо туйтунуп алсамбы дегени го?

Чын чынына келгенде коомчулук К.Бороновду С.Жээнбековдун ордуна премьер болот, же болбосо күздөгү шайлоого болжолдуу талапкерлердин бири деп келишкен. Азыркы ӨКМ министри Кубат Бороновдун баардык чиновниктерден артыкчылыгы анын тазалыгы, коорупцияга малынбаганы куулук шумдугунун жоктугу, жөнөкөйлүгү оппозицияга да президент Атамбаевге да, Маскөөчүл кишилердин да көңүлдөрү толуп турганы Сооронбай Жээнбековго окшогондорго жакпай калган го. Буга чейин Сокебиздин мындайын билбептирбиз. Ийриси түзөлөөр дечибиз. Мындай кийин өзүбүз түзөлүшүн кудайдан тилейли. Өкмөт жетекчилеринин эң борпону бошу Сооронбай Жээнбеков болду го. "Акайдын тончон балдары" атыккан Бабанов менен Сариевдер мындай өйдө экен. – деген пикирин "Апрель Баатыры" Кайып Шери Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Чын эле, 2010-жылдагы революциянын активдүү катышуучусу, "Апрель баатыры" Кайып Шери тараптан соккон шамал туура болуп чыгып калбайбы?...

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости