www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке Бишкектеги №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого 37 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктады. Арыз жазган 72 кишинин 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн. Тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер). Боршайком бир талапкерди каттоодон баш тартты. Калганы документтерди тапшырган эмес. Ушул тапта 18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан.
Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Булак: NazarNews.kg