www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Африкада жайгашкан Нигерияда куралчан адамдардын кол салуусунан 12 киши каза болуп, 50 киши барымтага алынды. Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Кацина провинциясынын Руван Годия жана Сафана айылдарына келген куралчан адамдар тургундарга ок чыгарган.

Катсина полициясынын басма сөз катчысы Гамбо Исах кол салуу болгонун билдирип, 12 адам каза таап, 50 киши барымтага алынганын тастыктады.

Исах окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү жиберилгенин, куралчан топко каршы абадан жана кургактыктан жок кылуу операциялары башталганын айтты.

Өлкөдө куралчан адамдардын тургундарга кол салууларынан улам кээ бир штаттарда мотоцикл менен унаан колдонууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости