www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Өмүке, сүрөтчү катары көп эле кинолорду жасалгалоого катышып калдың. “Курманажан датка” тасмасы кантип тартылганын айтып берсең?

- Ал фильмде Алымбек датка өлтүрүлгөн базар бар го? Ошону биз жасаганбыз. Ал жерде тогуз сүрөтчү иштедик. Бир мүнөттүк эпизод үчүн 6 млн. сомго базар курганбыз. Зина аттуу продюсер эже бар болчу. Ошол айтып атпайбы, “кыска эле эпизод экен, мындай эле жасап койбойсуңарбы” деп.

Анда мен “силер “Оскар” сыйлыгын алгыңар келеби? Биз дагы алгыбыз келет” дедим. Менин билишиме караганда, жалпы тасманы тартууга 1 млн. 400 миң доллар каражат кеткен. Бирок, тартылган эпизоддордун 40 пайыздайы тасмага кирбей калды. Кинодо ошондой эле болот. “Ашыкча сарптады” деген туура эмес.

Тескерисинче, Садык Шер-Нияз “кино тартуучу топ тарап кетпесин” деп өз жанынан акча берип турган. Болбосо кетип калышат да. Байкеси 45 миң доллар берген экен, аны да киного чаптады. Кийин Канададан көрсөткөндө алар айтышкан турбайбы, “жок дегенде 14 млн. доллар кетти дегилечи, 1 млн. 400 миңге кантип кино тартылсын?” деп.

Чын эле, кошуна казактар деле ошондой кинолорду 30 млн. долларга тартышпадыбы. Түшкөн акчадан Шабдан тууралуу кино тартканга 40 млн. сом которулуп, найза, кылыч, арабаларын жасаганбыз. Сценарийдин 8 варианты бар эле. Авторлор бири-бирин жактырбай, бири-бирин чукуп отуруп эле фильм ошол бойдон тартылбай калды...

- Кийин Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасына да катыштың окшойт...

- Мен ал жерде төрт милдет аткардым: актёр, дублер болдум, Акылбек байке (Абдыкалыков) мотоцикл мине албайт экен да, түндөсү бүт мен айдачумун. Кызды көтөрүп салганда да мен салгам. Дина аябай салмактуу кыз экен, араң-араң көтөрүп салып аттым. Он сегиздей дубль тарттык окшойт.

Аябай белим ооруп аткан. Ага чейин Темир менен кер-мур айтыша кеттим эле. Ошол жерден бир өчүн алды да. Ха-ха! Ал тасмада Темирдин эмгеги аябай чоң. Сценарийди күн сайын өзгөртүп жазып атчу. Сценарийдин жалпы өзөгү эле калбаса, дээрлик бүт өзгөрдү. Талип байкенин (Ибраимов) жазганы боюнча башкы кейипкер ат араба менен жүрчү. Өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөнө берчү.

Кинонун эрежеси боюнча, 75 пайыз кыймыл, 20 пайыз музыка, 5 пайыз диалог болуш керек. Темир “диалогу дегеле жок болсо, ого бетер жакшы” дечү. Чын эле сүйлөй берсе, спектакль болуп калбайбы.

- Анан актёрлук жактыбы? Улантайын дейсиңби?

- Жок. Илгери Чокморовду көргөндө баарыбыз өзүбүздү актёр сезчүбүз. Көрсө, Кубат аке айткандай, актёрдун тузу оор экен. Мен өзүмдүн актёр эмес экенимди сездим. Ага чейин Темирдин студиясында бир жыл окудум да. Байыш деген сүрөтчү досум, Жан аттуу оператор бала “Темирден оку, биз да окуганбыз” дешти. Макул болуп, врач Ибайдилла Ажыбаев экөөбүз окудук. Ал азыр бир эле “Мугалим” тасмасы менен барган жеринин баарында баш байгени алып жатат.

- Ошондо, кино тартыш үчүн сөзсүз атайын билим керекпи?

- Изилдеп көрсөм, ВГИКти бүткөн он бештей режиссер бар экен биз курактуу. Алардын биринин да жыргаткан киносу жок. Мыкты фильмдерди болсо кино билими жок балдар тартып атышат. Мисалы, Темир Бирназаров театралдык окуу жайды бүткөн. Эрнест Абдыжапаров орус тили мугалими, Актан Арым Кубат болсо мен сыяктуу сүрөтчү.

Темирдин окуучусу Асел Жураева эки эле тасмасы менен топ жарып чыгып, эч ким алалбаган барктуу сыйлыктарды алып жатат. Көрсө, кинонун бир сыры болот тура. Темир ошол сырды билет экен...

Булак: Азия News гезити

Последние новости