www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Кайрат Примбердиев анын чачына нааразы болгон депутат Кундузбек Сулаймановдун билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Ырчы мырза "Арча медиага" берген маегинде Нооруз мусулмандардын майрамы
эмес экенин айткан.

"Сөз мен жөнүндө эле болуп жатса керек. Анан эми жалпысынан алганда күлкүм келип жатат. Себеби Нооруз майрамынан бери үч ай өтүп кетти, андан бери чачымды кыскартмак турсун тармалдаштырып алгам. Ошол кезде айтса балким жарашмак беле?

Экинчиден Нооруз майрамы мусулмандардын
майрамы эмес, ал жагынан Кундуз байке өтө жаңылышат. Себеби мусулмандарда Орозо айт жана Курман айт деген эки эле майрам бар. Нооруз майрамы болсо Иран мамлекеттеринен келген, теңирчиликке байланыштуу майрам.

Кытайлардын тарыхый булактарында кыргыздар жөнүндө көп кездешет экен. Ошол кезде алар чачтарын жана сакалдарын өстүрүп, өрүп, денелерине татуировкаларды тартып алышчу экен. Ошондой көрүнүшү менен кытай элинин жүрөгүн түшүрүп турушчу экен. Эми ал жагынан дагы байкебиз
бирдемени айтардын алдында көп тарыхты изилдеши керек окшойт.

Жогорку Кеңештин трибунасы ырчылардын чач жасалгасын, чачынын узундугун, кийимдерин талкуулай турган жер эмес. Менин башымдагы чачым бирөөнүн башын оорутпашы керек, ал менин проблемам. Эч кимди кызыктырбайт", - дейт ырчы.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин "Ата Журт
Кыргызстан" фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат ырчынын 21-мартта
"Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата уюштурулган майрамдык
концертте сахнага чачын түйүп алып чыкканын сынга алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости