www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.
“14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Бул оор убакытта биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, Ливиядан Италияга мигранттарды ташып бара жаткан кеме оодарылып 300дөй пакистандык каза болгон.
Булак: NazarNews.kg