www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаадагы көчөлөрдө жол тыгынын азайтуу жана кыймылды тескөө максатында дагы бир нече көчөдөгү унаа кыймылы бир багыттуу болот:
- Турусбеков жана Калык Акиев көчөлөрү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй;
-Үмөталиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй;
-Тыныстанов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй;
-Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй;
-Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин түштүктөн түндүктү көздөй;
-Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй,
-Сүйүнбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй бир багыттуу болот.
Өзгөрүүлөр жаңы жылдын 8-январынан тарта ишке кирет. Бишкекте учурда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Логвиненко жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жол кыймылы бир багыттуу.
Бишкекте автоунаалар көбөйгөнүнө байланыштуу күчөгөн жол тыгынын азайтуу үчүн акылдуу жол чырактарды ишке киргизүү, муниципалдык коомдук транспорт жүргүзүү, унааларды токтотуучу жайларды куруу маселелери каралып жатат. Учурда борбор калаада автомашиналар жарым миллионго жетти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg