www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров эки жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарына эмне үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрбөй калганы тууралуу комментарий берди.

Президенттик мөөнөтүндөгү биринчи жылы “мурдагы мамлекет башчыларындай эле маалымат жыйын өткөргөнүн, үч саат бою такталбаган маалыматтарды териштирип атып өзүнүн да, журналисттердин да убактысы текке кеткенин” айткан.

Президент курултай Конституцияда белгиленгенин, жыл сайын шайланып келген делегаттарга маалымат бериши керек экенин билдирди: “Негизи эле курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен”.

15-16-декабрь күндөрү Бишкекте экинчи Элдик курултай өтүп, ага 700гө чукул делегат катышты. Сөз сүйлөгөндөрдүн көбү сугат суунун жетишсиздиги, ирригация, экологиялык көйгөйлөр, жерлерди трансформациялоо, жол салуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Курултайдын аягында президент аларга эки сааттай жооп берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости