www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«УКМК тарабынан көтөрүлгөн мыйзамга Башпрокурордун каршы чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деди бүгүн, 12-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Кайып Шер.
- УКМКнын жарандарды тыңшоо мыйзамына Башкы прокурордун каршы чыкканын айрымдар Ташиев менен Зулушевдун тиреши башталды дегендей кабыл алышууда. Зулушев менен Ташиев бири-бирине каршы чыгышы мүмкүнбү?
- УКМК менен Генпрокурордун тиреши жок. Алар мамлекеттин коопсуздугун коргоо, коркунучтун алдын алуу үчүн дайыма кошумча ыйгарым укуктуу болуу үчүн жагдайга карап, ыңгайлуу учурда демилге көтөрө берет. Алардын иши милдети ошондой. Ошол эле учурда ал УКМК тарабынан көтөрүлгөн мыйзамга Башпрокурордун каршы чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Тагыраагы, мыйзамга шайкеш келтирип берүү Башкы прокурордун милдети. Анан калса Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев Садыр Жапаровдон кийинки экинин биримин деген саясый фигуралар эмеспи.
Ошон үчүн аларды кайраштыргысы келгендер ар кандай маалыматтарды чыгарып коюшууда.
Булак: NazarNews.kg