www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Көркөмдөп муз тебүү боюнча федерация башчысы Александр Горшков спортчу Камила Валиеванын допинг-тестине байланышкан кырдаалды болуп көрбөгөндөй жапайычылык катары баалады. Бул туурасында аталган федерациянын сайтында кабарланган.

Допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 25-декабрда кызытма боюнча алынган тесттен триметазидин заты чыккандыгын жума күнү билдирген. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген.

"Спортчунун таза экендигинен шек санабайбыз. Ишти кылдаттык менен терең иликтеп чыгыш керек. Бул ого эле көп суроону жараткан жапайы кадамдын кырдаалы. Болгон бүткөн бардык абалды текшерип чыгыш керек, ал эми башка жагынан алып караганда, мындан дээрлик бир жарым ай мурда, 25-декабрда, алынып, чет өлкөдөгү лабораторияга жөнөтүлгөн допинг-үлгүнү эмне кылышты. Спортчунун укугун жана кызыкчылыгын коргош үчүн болгон жардамды көрсөтөбүз, ишке жогорку деңгээлдеги кесипкөй юристтер киришти ", — деген Горшков.

Допингге каршы россиялык агенттик Валиевага утурумдук чектөө салып четтеткен, апелляциядан соң 9-февралда ал алып салынды. Спортчуга Пекиндеги Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилди. Допингге каршы эл аралык агенттик менен Эл аралык олимпиада комитети буга макул болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости