www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай кайнам

Бармак тагы бир-бирине окшобогон сыякуу бул каарманыбыз өзгөчө өнөргө ээ. Зергер таштын сырын билгендей, ар бир таланттын купуя сыры бардай. Ошол сырдуулугу менен башка таланттардан айырмаланып турат окшобойбу. Уккулуктуу виолончель тарткан Наргиза айымды бир чай кайнам убакытта кепке тарттык.

 - Чыныгы чыгармачылыктын кулу бул чөйрөгө кокусунан келбейт экен. Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн…

- Бул сөзүӊүзгө 100% кошуламын. Себеби, менин музыкага болгон жөндөмүмдү байкаган Баки чоӊ апам М. Абдраев атындагы музыкалык мектепке киргизген. Мектептеги виолончельден берген агайым Фёдр Фёдорович мага тереӊ билим берди. Кылым тогошкондо эми ийгилик жолу болуш үчүн биздеги таланттын тамыры, максаты тереӊ билүүсү керек. Ошондо ал ийгилик чындыктын, жалпынын ийгилиги болот.

- Ырдын улуулугу обондун жүзү экени талашсыз. Виолончелге түшүргөн кайсы обончулардын кайрыктарына кайрылдыӊ?

- Залкар композитор Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын «Поппури» ойногом. Композитор Муратбек Бегалиевдин да чыгармаларына кайрылдым. Мындан ары да башка улуу композиторлордун, обончулардын чыгармаларын алып чыксам деген ойдомун. Себеби мен багынтчу бийиктиктер али алдыда.

- Кандай ийгиликтерге жетиштиӊ?

- К. Молдолбасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын композитор бөлүмүн аяктагам. Тажикстанда, Кореяда музыка жаатында иштеп келдим. Бир гезиттин 90 жылдыгына арнап гимн чыгардым. Сөзү Ж. Саалаев жана А. Жакшылыковго таандык. А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин коштоосунда опера жана балет театрынын солисттери аткарды.

- Алдыга койгон максаттарыӊ тууралуу бөлүшө кетсеӊ?

- Кыргыздын керемет обондоруна кайрылуу менен элиме виолончель аспабын таанытуу. Аздыр-көптүр элим Наргиза Курманова аттуу виолончелистка бар экенин таанып билип калды деген ойдомун. Буюрса алдыга койгон максаттарда чек жок.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости