www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жарандардын сүйлөшүүсүн тыңшоо мыйзамы УКМКнын ишин жеңилдетет, коопсуздукту алдын алат дегенибиз менен көпчүлүктү чочулатып жатат», - деди бүгүн, 12-февралда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- УКМКнын жарандарды тыңшоо мыйзамына Башкы прокурордун каршы чыкканы туура эле болдубу? Же тиреш башталдыбы?

- Жарандардын сүйлөшүүсүн тыңшоо мыйзамы УКМКнын ишин жеңилдетет дегенибиз менен көпчүлүктү чочулатып жатат. Бул жагынан мен да купуялуулук сакталыш керек деген таризде Баш прокурорду колдойм. Анткени, ар бир кишинин өзүнүн сүйлөшкөнүн башкалар угушун каалабайт. 

Ар бир орган өз пикирин айтканга акылуу жана ар бир орган өз ишине ыңгайлуу ыкманы издейт. Бирок, УКМК түйшүгүбүздү жеңилдетели, коопсуздукту сактоого аракет кылабыз деген таризде сунуштаган мыйзамы адамдын купуялуулугун сактоого каршы.

Ошол жагынан Башкы прокурор каршы чыгып, адамдын жеке сыры сакталышы керек деп жатат. Ошон үчүн бул нерсени мен мыйзам ченемдүү эле көрүнүш катары баалайм. УКМК менен Башкы прокурордун тиреши катары кабылдабайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости