www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Балдарыбыздын дээринде жок болсо, билим берүү системабыз сантырак болсо, 12 жыл окуткандан эмне өзгөрөт эле», - деди бүгүн, 12-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Калдарбек Абдраманов.

- Калдарбек агай, билим берүү министрлиги тарабынан окуу жылын 12 жыл кылалы деген сунуш берилди. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Албетте, мен каршымын. Анткени, масале мөөнөттө эмес билим берүүнүн маанисинде маңызында. Япондор 9 жыл окутат экен, СССР 10 жыл окуткан канча генийлер чыкты. Эми американы туурап 12 жыл окутсак деле биз жыргатмак белек?

Балдарыбыздын баарынын эле дээринде жок болсо, билим берүү системабыз сантырак болсо эмне өзгөрөт эле. Анда Америкадай жакшы жашоо болсун, интеллект мыйзамдуулук жана башка болсун, мүмкүн ошондо туура келет 12 жылдык окуу биздин дараметибизге.

Азыр араң 10 жылдык окутууга чыдап жатат ата-эне, жокчулук, жумуш жок. Орусиянын карап турат 16га чыгып чыкпай балдар, ата-энеме жардам берсем деп.

Профессионалдык билим берүү жокко эсе. Жаштар караңгылыка чөгүп баратат. Ансыз да адис болуу чоң проблема азыр. Адегенде мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү керек, балдар менен ата-эненин азап чегүүсүн дагы 2 жылга узартпай!

Анан, 12 жылды, кантип мектептерибиздеги мугалимдердин (кээ бир) дарамети жасалма диплом болсо, мектебибиз вагонетка же 41-жылкы саман мектеп болсо, балдарыбыз мугалимин токмоктоп жатса, бир жарымы жамынып чүмкөнүп жатса, экинчи жарымы жылаңачтанып үчүнчүсү, форма кийип жүрсө, анан кантип американын системасын киргизип жатышканына таң калып жатам. Кайсыл арыбызга дейм да.

25 жыл мурун медицинаны да реформа жасашкан. «Западная модель» зор экен деп. Эми эмне болду? Аягын таппай отурабыз, 25 жылдан бери реформа жасап бүтө албай! Себеби, алыбызга карабай, айдагыныбыз төрт эчки ышкырыгыбыз таш жарат болуп жергиликтүү шартты акыбалыбызды карабадык.

Албетте, азыр оңдой турган конкреттүү иштер көп ошолорду бүтүрөлү. Мисалы Кыргызстандын борбор шаарында кыргызча бакча, мектеп жокко эсе! Али да мамлекеттик мектепте балдар кандай форма кийиш керек деген суроого так жооп бере албай атышат. Анан атың чыкпаса жер өрттө болбойлу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости