www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Швеция Королдугунун парламентинин (риксдаг) депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын, стратегиялык өнүгүү маселелерин жана маанилүү улуттук артыкчылыктарды, анын ичинде 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүнү тездетүү маселелерин талкуулашты.

«Кыргыз Республикасынын Президенти үстүбүздөгү жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялады. Бул тема өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары саналат. Биз улуттук артыкчылыктар катары жашыл, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү алга коюп жатканыбызды белгилегим келет», - деди Алмаз Исанов.

Швециянын парламенттик делегациясы белгилегендей, алардын өлкөсү карапайым адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алат. 

«Мен үчүн өлкө жетекчилиги тармактык илимдин далилдеринин негизинде чечимдерди кабыл алып жатканын угуу кубанычтуу», - деди парламентарий Дженин Алм Эриксон. 

Белгилей кетсек, Швеция Королдугунун парламентарийлер делегациясы 2022-жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасында жүрөт. Сапарды БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Түндүк кеңсеси менен биргеликте уюштурган.

Иш сапардын максаты - Кыргыз Республикасынын мисалында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү артыкчылыгын изилдөө жана БУУӨП аймактагы долбоорлорун колдоодо артыкчылыктуу багыттарды аныктоо. Иш сапардын алкагында швециялык депутаттардын өлкөбүздүн бир катар аймактарына баруусу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости