www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Сүйүн Өмүрзаков, Искендер Матраимов, Русланбек Жакышов, Бакыт Тентишев, Динара Ашимова, Карим Ханджеза, Эмил Жамгырчиев, Эмилбек Джусупов, Талайбек Масабиров, Айсулуу Абдылдаева болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары ички иштер министрлигинин Командалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Командалык борбор республика боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн координациялайт, санариптештирүүнүн заманбап техникаларын колдонуу менен коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында бардык иш-чараларды жүргүзө алат.

Ошондой эле бардык орнотулган видеокамералар кантип иштеп жаткандыгы, издөөгө алынган автоунаалар, издөөдө жүргөн жарандарды тактай турган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Андан соң, Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун иши менен тааныштырышты.

ИИМдин ЖКККББнын начальниги Азамат Исраилов борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө принциптери жөнүндө маалымат берди. Жогорку Кеңештин депутаттарын ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов менен Сүйүнбек Ниязбеков коштоп жүрдү.

Андан соң, алар республиканын аймагында ыкчам кырдаалды көзөмөлдөп турган жана кандай гана кырдаал болбосун ошого жараша аракеттерди көрүү үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алган ИИМдин ыкчам чара көрүү борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Депуттарга өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору жана министрликтин басма сөз борборунун жалпыга маалымдоо жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия борбору да көрсөтүлдү. Жогорку Кеңештин депутаттарына эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн жыйындарды өткөрүү залы көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында укук коргоо органдары заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен ар тараптан камсыз кылынып жаткандыгы белгиленди.

Бул күч түзүмдөрүнө ишти принципиалдуу жаңы усулдар менен жүргүзүүгө, учурдун чакырыктарына өз убагында жооп берип жана пайда болгон көйгөйлөргө оптималдуу чечимдерди ыкчам табууга мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости