www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алмазбек Шаршенович өзүнүн бейбаштык жүрүм-туруму менен бүт кыргыз элин уят кылып жатат», - деди бүгүн, 12-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек-агай, акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаев сотко катышкысы келбегенин ачык билдирип, соттун тосмосун тепкиледи. Эми мындан ары сот кандай тартипте уланышы керек?

- Алмазбек Атамбаев - бул катардагы эле кыргызстандык жаран эмес. Ал өлкөнү 6 жыл президент катары каалагандай башкарган. Конституциянын гаранты болгон. Мамлекетибиздин ички жана тышкы саясатын аныктаган.

Кыргыз Республикасыын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы катары өлкөбүздүн тагдырын чечкен инсан эле. Анан эмне болду? Өзүнүн президенттик мөөнөтүн толук иштеп бүтүрдү. Ал кездеги Конституция боюнча бир эле президенттик мөөнөт ыйгарылгандыктан, жаңы президенттик шайлоого жол берди. Мунусу жакшы болду.

Биз, бир топ саясатчылар жана депутаттар ошондо эле айтканбыз, жазганбыз: «Атамбаев өзүнүн президенттик доорун армансыз эле сүрдү. Ийгиликтер менен катар одоно катачылыктарга дагы жол берди!» - деп.

Ошондуктан, ал киши кийинки президенттик таймашууда кара кылды как жарган калыс болуп турсун деген тилектер байма-бай айтылып турду. Бирок, аттиң, каарманыбыз андай акылга моюн сунбады.

Өзүнүн үзөнгүлөш, партиялаш жана табакташ досун кара күчкө салып сүрөп туруп алды. Мыйзамдарды одоно бузду. Шайлоо иш-чараларына активдүү киришип, досун президент кылууга жетишти. Максаты жаңы президенттин атынан өзү өлкөнү башкаруу эле. Кудай бар экен андай болбоду.

Досу «кардын башын кар жейт, хандын башын хан жейт» принцибин бекем колдонду дагы, Алмаз мырзаны. адегенде эле, экс-президент макамынан ажыратып туруп, анан образга кирип алып, «Кой-Таш» синдромун пайдаланып түрмөгө тыгып койду.

Кыскача сценарий ушундай. Бул эки достук көңтөрүштүн быкы-чыкысын ар бир кыргызстандык билет. Анан Атамбаевге толгон-токой айыптар коюлду. Бир эле баш кесер Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз чыгарып жибергени үчүн, жана «Кой-Таш» окуясынын күнөкөөрү катары көп жылга кесилди. Эми, мына 2020-жылдагы Октябрь эл толкундоо учурундагы окуяларга катышканы боюнча сот иштери башталыптыр. Айыпталуучулар көп экен.

Демек, сотко активдүү катышып, өзүн актап алуудан башка жол жок. Учурдагы президент бул процесстерге бир дагы кийлигишкени байкалбады. Анан эле каарманыбызыды кайсы кара теке сүздү? Дароо эле протесттик маанайга өтүп алып, катышуудан баш тартып келет. Сот залынын ичиндеги тосмо темирлерди тепкилегени өтө эле осол иш болду.

Бул жакта биз эле эмес ошол сот залында отургандар үчүн дагы ыңгайсыз абалдар түзүлгөнүн көрүп жатабыз. Жанында бирге отурган Фарид мырза менен адвокаттары дагы «кой-ай» деп жатышат! Ай, айланайын мекендештер! Алмаз мырзанын ушундай жоруктарынан жаштар менен жөнөкөй эл кандай тарбия алат?

Доолуланып тепкилене берсек боло берет экен дешпейби? Анын мындай жоруктары өтө туура эмес. Тескерисинче, үлгү көрсөтүп, токтоолук кылса, сот дагы, эл дагы ал турсун айыптоочу прокурорлор дагы абалын туура түшүнүшөт эле го?

Алмазбек Шаршенович өзүнүн бейбаштык жүрүм-туруму менен бүт кыргыз элин уят кылып жатат! Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Ошондуктан, каарманыбыз акылына келип, сотко активдүү катышып, өзүн коргоп алуу менен алек болсун! Бул элибиздин тээ атам замандан бери келе жаткан салты! Ошондо гана анын тагдыры бир өңчөй чечилет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости