www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Калдарбек агай, коомдук транспорттор ишке кирип, кадимки жашоо башталды. Кандай кооптуулук, коркунучтар күтулүшү мүмкүн?

--Элибиз оорунун кооптуу экенин али түшүнө элек. Тескерисинче, ооруну этибарга албай жатышат. Жоопкерчилик жок. «Оору мени айланып өтөт», же «мен оорубайм» деген өзүн-өзү алдоо, алаксытуу менен күнүмдүк тиричилик өтүүдө. Эң эле жөнөкөй - маска тагуу эрежесин үйрөнө албадык.

Албетте, бул улуттук менталитет, жалпы коомдук аң-сезимдин деңгээли менен түшүндүрүлөт. Дагы бир айтып койчу нерсе, элдин көпчүлүгү болбосо да айрымдары «Кудай сактайт, чекеге жазылганды, буюрганды көрөбүз» деген ниет менен жүрүшөт. Бул өтө кооптуу.

Албетте, адам өзүнүн ден соолугуна көңүл бурбай кайдыгер болушу мүмкүн. Бирок, ата-энеси, туугандары, балдары жөнүндө ойлошу керек эле. Азыр элдин шаарда жүрүшүнө чоң эркиндиктер берилип, автотранспорт каттамдары ишке кирди.

Менимче, ал талап кылынган эрежелерди толук сактабай, оорунун таралышына шарт түзүлөт. Автотранспорт ээлери да тийиштүү тартипти сактабай, талаптарга көңүлкөш болушат го (?) деген ой бар.

Негизгиси, өкмөт карантин учурунда катуу тартип орното албады эле, азыр эркиндик берилгенде көзөмөлдөө андан да кыйын болорунан чочуйм. Акыркысы, кокус акыбал оорлошуп кетсе, биздин медицина да тийиштүү жардам бере албай, кол куушуруп туруп берерибизде шек жок. Себеби, мен биздин медицинанын акыбалын коронавирусу жок кезде деле жакшы билип, көрүп жүрөм. Пандемиянын башталганына, вирус бизге келгенине көп убакыт өттү, тилекке каршы, алдын алуу, күрөшүү боюнча алгылыктуу иштерди жасай албадык. Эми деле чечилбеген көп кемчиликтер бар.

Кыскасы, биздин медицина экинчи толкунга даяр эмес. Ошондуктан, жалпы элибиз, өзгөчө шаардыктар, акыбалды туура түшүнүп, экинчи толкун болушун каалабасак, өкмөт, саламаттык сактоо министрлиги жана республикалык штабдын талабын кынтыксыз аткаруу зарыл. Бирок баары бир өкмөт катуу талап коюп, эрежени катаалдаштыруусу абзел. Коронавирусту жеңүүнүн башка айласы, жолу жок.

--Карантин учурундагы жүргүзүлгөн иштер сизди канааттандырбы?

--Карантин болбосо, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал болбосо, абдан жаман болмок. Тажикстанды көрүп жатабыз да. Бирок, ошол эле учурда карантиндин шарттарында вируска каршы толук кандуу иш алып бара албадык. Арасат иш жүргөндөй болду. Ал эми азыр проблема эки эсе көбөйөт. Алардын негизгиси, сырттан кирип жаткан журтташтарыбыздын жүрүм-туруму, екмөттүн аларга койгон талабы, түзүп берген шарты менен байланыштуу болчудай.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости