www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Борукулов Курманбек Салиевич Бакиев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Бакиев кетип эмне өзгөрдү" деп эмес, "Бакиевди кетиришип, Атамбаев, Отунбаева, Текебаев баш болгон Убактылуу Өкмөт келип эмне өзгөрдү" деген суроо коюлса туура болмок, себеби Бакиев кеткенден кийинки баардык кесепттерге ошолор күнөөлүү да. Бакиевди кетирген күндөн баштап бизде мыйзам иштебей калды. Отунбаева, Атамбаевдер мыйзамды тепсеп жатса, башкалар карап турат беле? Ансыз деле илгертеден көп деле мыйзамды тогото бербеген эл элек, Атамбаевди ээрчип бир жолу ыштаныбызды чечип башыбызга кийип алдык. Бакиев светти өчүрсө да, тезек тер десе да, кыскасы эмне иш кылса да кыргыз элин карыз кылбайын деп ойлогон. Датка Кемин иштери башталып калган эле. Кытайдан карыз албай, андан көрө өзүбүз убактынча кыйналсак да, өз күчүбүз менен куралы деп эконом кылган. Карыз жаман нерсе экенин, карыз карызды тарта турганын түшүнгөн Бакиев. Бакыйган ГЭС куруп, ошол эле убакта Акаевден калган карызды азайткан азаматты жакшы дештин ордуна жерге киргизе тебелейбиз. Бакиев кетип инвесторлор тып токтоду, себеби жалган сүйлөп басып жүргөн, өз элинин байлыгын кол салган Атамбаевдей президент башкарган өлкөгө кайсыл башын жоготкон инвесторлор келсин? Ошонун натыйжасында мигранттардын саны үч эсеге көбөйүп кеткен. Бакиев кетип Кыргызстан эң аброю төмөн, байкуш өлкөгө айланды, муну сыртта жүргөн биздей мигранттар жон терибиз менен сезип жатабыз. Орусиянын кайсыл жеринен жаман окуялар, жагымсыз көрүнүштөр, мыйзам бузуулар, тополоңдор болсо, ошол жерде Кыргызстандын аты аталат. Бакиевдин убагында коңшу өзбек, тажиктерге салыштырмалуу башыбызды бийик көтөрүп жүрчү элек. Бакиев жок, Отунбаева окшогондор "өрдөк жокто чулдук бий" болушуп каалаган богун жеп калышты, жылаңачтарды өлкөгө киргизебиз дешип. Бакиевдин убагында Чолпон Жакуповага окшогон эл бузарларга сөз деле жок болчу, мына эми кутуруп чыгышты ачык эле түндүк, түштүк деп бөлүп. Бакиев жок кыргыз эли бир тыйынга турбаган барксыз эл болдук. Бакиев Назарбаевге, Каримовго, даже Путинге да баш ийчү эмес, себеби өзү күчтүү, сабаттуу болчу. Өзүнө ишенген адам башкалардын көзүн карабайт. Атамбаевге окшоп Путинди көргөндө кучагына өзүн таштап, кучактап жатып калчу эмес. Акаевге окшоп Каримов же Назарбаевдер менен жолукканда оозу кулагына жетип жалжактап, кадимкидей чуркап барчу эмес. Бакиев болгондо азыр Кыргызстан Орто Азиядагы эң алдыңкы өлкө болот эле, себеби беш жыл иштеп, эч карыз албады. Датка Кемин бүткөнчө бир аз чыдап койсок, свет да ордуна келмек, зато Атамбаевге окшоп кымбат кылмак эмес. Бакиев Баяман, Рысбектерди өлтүрдү дешет, бирок бир да далил жок. Криминалдар баардык заманда кээде кутуруп, кээде бирин бири өлтүрүп келишкен. Эмне Бакиев Атамбаевге окшоп өлкөнү караларга башкартыш керек беле? Биз жакка барып ар бир үйгө кирип: "кайсыл президент жакшы эле" деп сурагыла, баардыгы бир добуштан Бакиев дешет. Бакиев жаман дегенди биз жакта укпайсың, себеби биз жакта акыйкат сүйлөгөн, чындыкты бурмалабаган, коррупционер ууруну колдобогон жөнөкөй адамдар жашашат”,-деп Шамурза Борукулов жазып чыкты.

Төмөнкү видеодон Курманбек Бакиев тууралуу элдин ой-пикирин көрө аласыздар: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости