www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев эл медицина кызматкерлеринин талаптарын аткарбай жаткандарын айтты.

"Бардык коомдук жайлар иштеп баштады. Элдер медицина кызматкерлеринин айткандарын жасабай жатышат. Бүгүн 74 адамдан коронавирус аныкталды. Ош, Нарын облустарында көп чыгып жатат. Таластын губернатору тартип орнотуп, ал жактан чыкпай жатат. Ысык-Көлдө 10 адамдан чыгыптыр. Алардын медицина кызматкерлери өзгөчөбү? Алар тыкан, жакшынакай иштеп жатышат. Нарынга Пакистандан, Индиядан, Москвадан келген жарандар коронавирус жугузуп, ошону токтото албай жатышат.

Коронавирус билинбей келген оору экен. Мунун ракетасы да, катюшасы да жок элдин баарын оорутуп жатат", - деди Жолдошбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости