www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен баарлашып, КСДП боюнча кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Рыскелди мырза, сизди КСДП партиясынан чыкканыңыз айтылып жатат. Эгер ошол маалымат чын болсо,  партиядан чыгууга эмне себеп болду?

--Көптөр Адил Турдукуловдун айтканына таянып, мени партиядан чыкты деп ойлоп  жатышат. Чынында мен партиядан эмес, саясий кеңештин курамынан жана төраганын орун басарлык кызматынан кеттим. Партияда калдым. Неге мындай чечим кабыл алганымды билдирүүмдө айттым. Ачыгын айтсам мен партияга да, мамлекеттик кызматка да ата-балага кызмат кылам деп кирбейм. Ата-Мекениме кызмат кылам деп кирем дедим. Өкүнүчтүүсү, партиялаштарым партия коомдук уюм, атадан балага өтө турган мурас эмес дегениме көнбөй коюшту. Бул биринчи себеби болду. Экинчиси, камакта жаткан Мискенбаевдин, Канат Сагынбаевдин жан Мирбек Айтикеевдин кайрылуулары болду. Мен алардын кайрылууларын туура эле кабыл алдым.  Үчүнчүсү,  Ирина Карамушкинанын билдирүүсү ушундай чечим кабыл алуума себеп болду. Себеби, ал “Адил Турдукулов, Асель Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева партияда калса, мен чыгам. Булар менен бир партияда отура албайм”- деди. Атамбаевди оор күндөрү таштап кетпей  жанында болуп, ошон үчүн оор беренелер менен айыпталып, кылмыш иши козголуп, соттон сотко сүйрөлүп  жүрсө, мен кантип калыстыктан таям. Аларды кантип партиядан чыгарабыз. Эгер Ирина Карамушкина “ушуларды партиядан чыгар” деген талап койсо, анда мен ушул үчөөнү коргоп саясий кеңештин мүчөлүгүнөн кетем дедим. Үч кишини коргоп, колдоп саясий кеңештен жана орун басарлык кызматтан кеттим.

--Атамбаев партияда ич ара тиреш орун алганынан кабардарбы?

--Мен жолукканда партиядагы абалды айткам. Кабардар. Ошон үчүн өзүнүн кайрылуусун жолдоду. Мен да буга чейин ажырымды токтотуп, партияны сактап калуунун аракетин көрдүм. Эки тарапты бириктирүүгө далалат жасадым. Тилекке каршы, болгон жок... 

--Партиядан чыккандар Адил Турдугулов менен токтойбу же андан башкалар да чыгабы?

--Азырынча айтыш кыйын. Анткени, 2-июлда Жогорку сот КСДП Асель Кодурановага таандыкпы  же Сагынбек Абдрахмановго таандыкпы ошону аныктайт. Ошондон кийин ачык турган маселелерге чекит коюлса керек. Бирок, кечээги жыйындан кийин деле бир канча киши пикирин өзгөрттү. Маселен, партиянын ысык-суугуна күйгөн Назгүл Мамытова да партиядан чыгаарын айтты. 

--Кайсы партия менен шайлоого барарыңызды аныктадыңызбы?

--Азырынча бир нерсе деш кыйын. Ал турсун шайлоого барар, барбасымды чече элекмин. Бирок, бир канча саясий партиялар жана уюмдар менен шайлоо тууралуу пикир алышкам. Чындап шайлоого бара турган болсом бийликтин же бийликке ыктаган партиялар менен барбайм деген чечим кабыл алгам. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости