www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илим изилдөө борборунун директору,  профессор Калдарбек Абдыраманов менен Саламаттыкты сактоо министринин алкагында баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Калдарбек мырза, Саламаттыкты сактоо министри кызматтан кеткенден  бери коомчулукта министрлик кызматка  сизди сунуштап  жатышат. Чындап эле жогору жактан Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп бериңиз деген сунуш түшсө, мамлекетти эпидемиялык абалдан чыгаруу үчүн ишке киришет белеңиз?

-Сунуш түшсө  министрлик кызматтан баш тартмак эмесмин. Анткени саламаттыкты сактоо  системасын кантип оңдосо болот, кантип сапаттуу медициналык кызмат көрсөтсө болорун жолго коё турган өзүмдүн так, анык көз карашым, программам бар. Ошол максатты ишке ашырыш үчүн, медицинаны оңдоо үчүн тармактын жетекчилигине сунуш түшсө  чын дилимден  кызматка киришмекмин. Бирок бул бүгүнкү саясий системада жетпеген кыял, жомок десем туура болот. Себеби, мен эч кандай саясый топко кошулбайм, демек менин колдоочу, сүрөөчү күчтүү  саясатчыларым жок.

-Пандемия убагында Саламаттыкты сактоо министрлигине кандай артыкчылыгы бар адам  министр болуп келиши керек?

-Министр Кыргызстандын башкы врачы болуш керек. Ал эмне? Ал дегеним системанын каржылоо, башкаруу  системасын түшүнгөн, кадрларынын санына эле эмес сапатына кызыккан, келечекте  тармакты үзгүлтүксүз өнүктүрүү боюнча өзүнүн конкреттүү   программасы  бар врач жетекчи болушу керек. Ошондой эле патриот, духу күчтүү, жогорку жетекчилердин көзүнө тик караган  адилеттүү да  авторитеттүү  да уюштуруучу болушу керек.  Министр менеджер болуш керек деген сөздү да айтып калышат. Чынында мен жогоруда айткан сапаттардын баары жөнөкөй менеджерден  да жогору, өтө жоопкерчиликтүү, баарында  эле боло бербеген бийик сапаттар! Кыскасы, министр бул мамлекеттин башкы врачы болушу керек!

-Демек, министр көз карандысыз болгондо гана медицинадагы чиеленишкен абалды жолго салат экен да...

-Азыркы биздин шартта, жаңы кызматка келген министрдин  эртең эле медицинаны чиеленишкен оор абалдан алып чыгып кете турган,  иштеп кете турган конкреттүү программасы болуш керек. Ошондой эле министр көз каранды эмес  билими, тажрыйбасы бар, духу күчтүү адам болуусу абзел. "Ляппай, таксыр" же  он жылдап  эски күн карама системада иштеген же  заманбап терминдерди жаттап алып чет элдик долбоорлордун нанын жеп кыйкыргандан башканы билбеген же Сокулуктан ары барбаган "модерн", "жаш" жетекчилердин же "кабинетный диспетчерлердин" кереги жок! Себеби, 30 жылдан бери миллиардаган акча чачылып, так ошолордун азабынан система өнүкпөй жатат! Азыр да алар Ак үйдү сагалап, президент, премьерге кандай жаксам деп жүрүшөт.

-Баса, 2-3-толкуну болот деген да үрөйдү учурган кооптуу маалыматтар тарап жатат го. Ошондой болушу мүмкүнбү?

-Экинчи, үчүнчү толкуну болгудай бул мезгилдүү грипп эмес да. Бир эле чоң толкун  болуп келатат, бүтпөй. Маселе ал качан өтүп кетет, канткенде токтото алабыз, ошондо! Ал өкмөттүн, медиктердин даярдык деңгээлине, элдин санитардык эпидемиологиялык, социалдык эрежелерди так сактаганына жараша болот. Мына толкун өттү деп, эки ай мурункудай той тамаша, оюн-зоок кылып, дагы кайра топтолуша берсек  инфекциянын таралыш ылдамдыгын дагы күчөтөбүз.

Коронавируска каршы күрөш жалпы өлкөдө бирдей, бир калыпта жана тегиз жүрүшү керек. Мамлекет бир организм. Регионду токтотуп шаарга, шаарды  токтотуп  регионго көңүл буралы  деп өзүбүз толкундарды  жараткан туура эмес. Антип эч качан инфекцияны токтото албайбыз! Тагыраагы, коронавирус инфекциясынын "толкундарын" токтотуу же жаратуу өзүбүздүн  колдо!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости