www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаандан кийинки козу карындардай жайнап кеткен университеттерди кыскартымыш болушуп, душман көзгө бириктиримиш этип нени көздөп жатышат?», - деди бүгүн, 20-июлда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек агай, айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилгени орундуу эле болдубу?

- Бийликтин бүгүнкү кадамдарын реформа дейбизби же Асанды Үсөнгө кошуп туруп, Ташмат деп атап койобузбу деген собол пайда болуп жатат. Жаандан кийинки козу карындардай жайнап кеткен университеттерди кыскартымыш болушуп, душман көзгө бириктиримиш этип деги эмнени көздөп жатышат? Маселе ушунда.

Билимди тереңдетүүбү же «университет ради университета» үчүнбү? Менимче, ЖОЖдорго системалуу реформа зарыл болчу. Тагыраагы, ЖОЖдорду түбүнөн өзгөртүп, азыраак бирок сазыраак деген принципте кынап чыгыш керек эле.

Жок, баягы эскиче, бириктирип, атүгүл макамдарын жогорулатып, кайсыл кыйраткан эмгектери үчүн бүгүнкү билим берүүнүн ахыбалы мышык ыйлагандай экенине же баштары жетпей жатат же «жоктон көрө жогору» дегендей аракет кылышууда. Экөөнүн бири. Жогорку билимдин, тагыраагы, дипломдун кадыр-баркы жокто кайрадан жүздөгөн дипломчуларды штамптап чыгаруу менен Алыкулдун тоосуна чыкмак белек?

 Бир сөз менен бүгүнкүлөрдүн көз карашы кечээ күндө кала бергендей... Демек, бул багыттагы арыштуу кадамдар жаңы жүздөр келмейинче таштала турган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости