www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Казинодон миң жолу миллиарддаган киреше түшөт дегенибиз менен, ал баары бир биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат көрүнүш», - деди бүгүн, 30-мартта, NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Калдарбек агай, Акылбек Жапаров казинолорду ачуу зарылдыгын айтыптыр. Ошондой эле «кумарканалар ачылса, Кыргызстандыктар ойнобойт» дептир. Кумарканаларды ачуу бюджетти толтуруу үчүн жасалган аргасыз кадам эмеспи?
- Койнунда болсо кончко куюлат. Албетте, казинолорду ачуу маселесин өкмөттүн кайрадан көтөрүп жатканы жырганынан эмес. Маселенин баары казынаны толтуруу зарылдыгынан чыгып жаткансыйт.
Бюджетти болуп көрбөгөндөй 400 миллиарддай чекке чыгаруу айтканга гана оңой. Экинчи жагынан маяналарды, пенсия-пособиелерди да жогорулатуу жараяны ишке ашып жатканда муну түшүнүү менен кабыл алса да болот. Бирок, биз өтө сынчыл, кылдан кыйкым тапкан элбиз.
Мындайды таппай турушкан «сынчылар» Акылбек Жапаровдун оозунан чыгып, чыга электе төө бастыга алып киришти... Чынында мындай нерсе моралдык жактан таптакыр туура келбейт, анын үстүнө менталитетибизге да жат көрүнүш.
Бирок араб өлкөлөрүн алсак (Бириккен Араб эмираты башкалар) исламга, куранга, шариатка негизделген түзүлүшү болгону менен ал жакта казинолор беймарал иштеп келет. Албетте, чет элдиктер үчүн...
Биздин атка минерлер да кудум ушуну үлгү кылып жатышкандай. Эгерде ал өзүнчө бир дүйнө катары калыптанса бир жөн. Бирок, казинодо биздин адамдар иштеши керек болот. Өзүм дегенде ийненин көзүнөн өтүп кетчүлөр толтура.
ИИМ, УКМК али коррупциялык жолдон четке чыга да элек. Жергиликтүү бийликтегилерди айтпай эле туралы. Баягы-баягы кол ийрисине тартмай башталбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Анткени, казино дегени арам акчаларды адалдаштыруучу кумаркана...Үнүн угуп калышкан соң ааламдын чар тарабынан кумурскудай агылып барышы турган иш. Кооптуу жайы ушу... Криминалдар жөн жатмак беле...Түз жерден дагы бир маеслени башыбызга үйүп албасак экен.
Солго барсаң атың, оңго барса арабаң, түз кетсең өзү өлөсүң дегенден кайсыл бирин тандап алсак болот? Масаленин баары ушунда. Тобокелчилик кылабызбы, тобокелчи бел ашат дегенди унутпай.
Ысык-Көлгө апийим өстүрсөк, капчыгыбыз кампая түшөт дегендей эле опурталдуу көрүнүш. Жети эмес, жети жүз жолу өлчөшсө деле кара кылды как жаруу өтө оор. Макул деген күнү деле эч кими кепилдикти мойнуна албайт.
Акылбек Жапаров эртең, бүрсүгүнү кызматынан ары-бери жылып, башка кызматты аркалап кетет. Кийинкиси, ийинин кушуруп тим гана болот.
Бир сөз менен айтканда казинодон миң жолу миллиарддаган киреше түшөт дегенибиз менен ал баары бир биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат көрүнүш.
Биз улут катары калыптана албай, көрүнгөн идеологияны ээрчип, арабөк ахыбалда турганыбызда казынаны толтуруунун башка булактарын табууга умтулушубуз абзел. Деги эле бечелге жөтөлдүн кереги барбы?
Бүгүн дүйнө таптакыр өзгөргөнү турат. Таптакыр. Ошондуктан, Жапаров канчалык деңгээлде жөөтчө ойлонсо деле...ышпалдасы чыккан эски бир жамаачыланган ойду жыртык куржунунан чыгарып, таппасаң сыйпалап кал, деши жаңы жөөттөрдүн жаңы ойлоруна окшобой, заманбаптан алысыраактай...
Ошон үчүн бизге жаңы жүздөр, адаттан тышкары ойлору барлар абадай зарыл...
Мисалга, Кубан Чороевдин «Алтын сом» программасын алалы. Эмне үчүн мына ушул алтын ойду талкууга алышпайт. Анткени, ал бүгүнкү көк-ак үйчүлөргө түшүнүксүз, кызыксыз, баш оорутма, көп ишти талап кылат... Ошон үчүн «Асанды таш менен урасаң да Асан, ташты Асан менен урсаң да Асан өлөттөн» мыктысы жок деп гана турушат.
Булак: NazarNews.kg