www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өкмөттүн кыргызстандыктарды казиного киргизбейбиз дегени жомок», - деди бүгүн, 30-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Кубанычбек Кадыров.
- Кубанычбек-мырза, «Айрым мыйзам актыларына оюн-зоок ишмердүүлүгү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров казинолорду ачуу зарылдыгын айтып, анда кыргызстандыктар ойнобойт» деди. Кумарканалар ачылышы керекпи?
- Казино ачканга инсан жана саясатчы катары каршымын. Мурун казинолор иштеп турганда бир топ адамдар үйлөрүн, машиналарын жана башка бизнестерин уттурушуп үй-бүлөлөрү менен ажырашып эң жаман абалда калышкан.
Анысы аз келгенсип бир топ жаштар жандарын кыйышкан. Канча деген ата энелер балдары үчүн карызга батып, боздоп, ыйлап, кайгырып жүргөнүн элдин баары билет.
Өкмөттүн казино аркылуу казынаны толтурабыз дегени өтө уят нерсе, биринчиден. Экинчиден, биздин жарандарыбызды казиного киргизбейбиз дегени жомок.
Үчүнчүдөн, биздин жүз миңдеген жаштарыбыз, жарандарыбыз башка мамлекеттердин жарандары.
Төртүнчүдөн, казино иштеген жерлерде баңгизат, сойкулук өтө өнүгүп өсөт. Анысы аз келгенсип дүйнөлүк кылмыштуу топтордун жана коррупционерлердин мыйзамсыз акчалары адалданат.
Ошондуктан өкмөт оңой акча табуу жолунан кайтып башка жолдорун табыш керек. Акылдары жетпесе отставкага кетишсин.
Булак: NazarNews.kg