www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үлпөт той, үй-бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00 ден 23:00ге чейин, ал эми жумуш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт деген жобо социалдык тармакта талкууга түштү. Мыйзам долбоору боюнча сөөктү кечинде же эс алуу күндөрү гана күндүз жайына коёт экенбиз, деген айрым окурмандардын талкуусун сунуштайбыз.
Бакыт Аруунов: -Ага чейин марозилкага салат бекен.
Улан Кыдыров: -Мыйзам чыгарууда этияттап кылышса дейм да ар бирин өз-өзүнчө мааниге ээ кылып. Мисалы: көмүү бул жаназа, маркумга арналган нерселер бул Куран окутуу деп.
Гульзайнап Жумашова: -Тойлордо го макул, өлүмдө кыш мезгили болуп калса, караңгыда барып карайлайбы элдер, же эс алуу күндү күтүп олтурабы?... Кандай логика менен жазган деги.
Жаркын Акматалиева: -КРнын атуулдарынын конституциялык укуктары бузулуп жатат...
Шадыкан Джакыпбеков: -Маңкурттар го окубайт, чаарбаштар окуйбу? “Кыямат”. Айтматов Чыңгыз.
Заирова Жамиля: -Ошондо иш күндөрү сөөктү кечинде 18:00- 22:00 гө чейин жерге бериш керек бекен? Бул мыйзамды кайсыл келесоо жазган?
Раиса Омуркулова: -Тантырабасынчы, эми ушул эле жетишпей жатты эле, өлүктү бош кишилер кое беришет. Иштегендер иштей беришсин, улам ар бириң жаңы закон чыгарбай жөн отургула, президентке шылтоо кылбайлы.
Адил Азарматов: -Бир жума чогултуп көмөбүзбү келе соолор койсоңор боло.
Адил Азарматов: -Ойлонуп мыйзам чыгарсаңар боло...
Aijan Kasmalieva: -1-күнү өлсө 7-күнгө чейин сактамак беле? Кайсы атаң кечиндеси коюп журду эле? Бош адамдар коюп келе берет, иши барлар иштей берсин, эч ким мажбурлабайт. Бул законду ким чыгарса да өзү ошол законду колдоно берсин. Ар кимдин өз башы менен кетсин.
Темирбек Токтомамбетов: -Дүйшөмбүдө каза болсо ишембиге же жекшембиге чейин кармайбызбы? Каза болгон адамдардын жакын туугандары жумуш күн бүткөнүн күтүш керекби? Келесоо парламент болду го ээ? Мурунку чакырылыштын депутаттары түкүрүккө штраф салган мыйзам чыгарып "чимкирик" атка конушту эле, эми бул келесоолор алардан дагы ашып түшүштү.
Булак: NazarNews.kg